Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө» Токтому
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 2-декабры № 2/3 Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берилсин.
2. «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин түзүп, уставын бекитип, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, Нарын облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы З.А. Козубековго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
Ө.Урматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 10 мая 2024 года № 229-р (Об увеличении охвата детей дошкольным образованием)Распоряжение · 10.05.2024 · № 229