# Суу-Башы айылдык кенешинин 23024-жылдын 27-ноябрындагы №5 "Суу-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Суу-Башы айылдык кенешинин 23024-жылдын 27-ноябрындагы №5 "Суу-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 27.11.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.11.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019382>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36279/edition/23190/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.11.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Суу-Башы айылдык кенешинин 23024-жылдын 27-ноябрындагы №5 "Суу-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө" токтому (ред. от 27.11.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019382

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 27-ноябры № 5 Суу-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №271 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 61-беренесинин жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 чыгыш катыны аткарууга алуу максатында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылдык маданият үйүнө 2024-жылдын 7-декабрына саат 14-00 гө чакыртылсын. Өкүлчүлүктүү жыйындарды делегаттардын саны Бужум айылынан 75,Кара-Булак айылынан 25, Боз-Адыр айылынан 23, Кара-Токой айылынан 9, Айгул-Таш айылынан 2, Апкан айылынан 9, Бөжөй айылынан 7, жалпы 150 делегат болуп, жобого ылайык бекитилсин. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн, Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча, жумушчу топтун курамы 16(он алты ) адамдан болуп бекитилсин. (№1-тиркеме). Өкүлчүлүктүү жыйындарга эл арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2024-жылдын 4-5декабрь күндөрү графикке ылайык өткөрүлсүн.(№2тиркеме). Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Бужум айылында 2024-жылдын 4-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кара-Булак айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Боз-адыр айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Бөжөй айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Апкан айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кара-Токой айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарда делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Айгул-Таш айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өткөрүлгөн жыйындардын протоколун, көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин Өкүлчүлүктүү жыйындардын катчылыгына 2024-жылдын 6-декабрына чейин тапшырылсын. Өкүлчүлүктүү жыйындарды даярдоо, өткөрүү жана керектүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысына, жумушчу топко милдеттендирилсин.

Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К. Шакиров
