Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Суу-Башы айылдык кенешинин 2 «Суу-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 5 Суу-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №271 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 61-беренесинин жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 чыгыш катыны аткарууга алуу максатында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылдык маданият үйүнө 2024-жылдын 7-декабрына саат 14-00 гө чакыртылсын. Өкүлчүлүктүү жыйындарды делегаттардын саны Бужум айылынан 75,Кара-Булак айылынан 25, Боз-Адыр айылынан 23, Кара-Токой айылынан 9, Айгул-Таш айылынан 2, Апкан айылынан 9, Бөжөй айылынан 7, жалпы 150 делегат болуп, жобого ылайык бекитилсин. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн, Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча, жумушчу топтун курамы 16(он алты ) адамдан болуп бекитилсин. (№1-тиркеме). Өкүлчүлүктүү жыйындарга эл арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2024-жылдын 4-5декабрь күндөрү графикке ылайык өткөрүлсүн.(№2тиркеме). Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Бужум айылында 2024-жылдын 4-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кара-Булак айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Боз-адыр айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Бөжөй айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Апкан айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кара-Токой айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өкүлчүлүктүү жыйындарда делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Айгул-Таш айылында 2024-жылдын 5-декабрь күнү уюштурулсун. Өткөрүлгөн жыйындардын протоколун, көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин Өкүлчүлүктүү жыйындардын катчылыгына 2024-жылдын 6-декабрына чейин тапшырылсын. Өкүлчүлүктүү жыйындарды даярдоо, өткөрүү жана керектүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысына, жумушчу топко милдеттендирилсин.
Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
К. Шакиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123