Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН “Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтому
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ (VII ШАЙЛАНГАН) XXVI-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-январы № 156
“Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңештин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Мырзабаевдин маалыматын, депутаттарынын ой-пикирлерин угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети 73658,7 мин сомго, анын ичинен “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” бюджетинин кирешеси 400,0 миң сомго, чыгашасы 266,6 миң сомго, атайын каражаттар эсебиндеги «Мады Тазалык» муниципалдык ишканасынын киреше жана чыгашасы 1946,3 мин сомго, ал эми бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден түшкөн каражаттар 19140,0 миң сомго бекитилсин.
2. Айыл аймагынын аймагындагы мекеме-ишканалар атайын эсеп каражаттарына түшкөн акча каражатын аймактык казына бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүшсүн, өз алдынча кассадан чыгымдоого жол берилбесин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинде жана атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар өз статьялары жана бөлүмдөрү боюнча бөлүштүрүлсүн жана республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттын эсебинен биринчи кезекте корголгон беренелерге каржылоо жагы пландаштыруу каралсын (эмгек акы, соц. фонд, тамак-аш, көмүр сатып алуу ж.б.).
4. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратында жалпы саны 40 штат: анын ичинен 10 айыл башчы (эмгек акылары жетектөөчү адистин денгээлинде эсептелсин), 6 ВУС инспектору жана 4 тейлее кызматкерлери бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451-токтому).
5. Айыл өкмөтүнүн экономист-статистине ыйгарымдуу укуктарды өткөрүп берүүнүн (делегирование) негизинде башкы адис кызмат оруну штаттык расписаниеде белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык курамы жана айылдык кеңештин терагасы, катчысы кызмат орундары бекитилсин (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64-токтому )жана штаттык бирдикке жараша эмгек акысы каралсын .
7. Мады Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин саны 5 штат: анын ичинен 3 тейлөө кызматкерлери бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-август № 266- токтому).
8. “Мады Тазалык” муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 500,0 миң сом акча каражаты субсидия катары бөлүнүп берилсин.
9. Маданият кызматкерлеринин жалпы саны 8 штат: анын ичинен 4 тейлее кызматкерлери бекитилсин (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы №480-токтому).
10. Биринчи жана экинчи жарым жьлдыкта айыл өкмөтүнүн башчысына, ФЭБ башчысына жана айылдык кеңештин финансы-бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын макулдашуусу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
11. Мады айыл өкмөтүнүн негизги бюджетинин эсебинен балдар бакчалардагы ар бир балага бир күнгө 13 сомдон тамак-ашы үчүн каржылоо уруксат берилсин.
12. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин кирешесинин эсебинен 520,4 миң сом резервдик фондго киргизилсин.
13. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине материалдык жардам катары, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акча каражаты бөлүнүп берилсин.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б.Мадазимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2020 года № 64 "Об утверждении перечня должностей в айылных кенешах, замещаемых на возмездной основе"Постановление · 05.02.2020 · № 64
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 10 июля 2015 года № 480 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 10.07.2015 · № 480 · Утратил силу