# Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-апрелинденги № 9 "Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 44 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы ирригация тармагын өнүктүүрү, модернизациялоо жана инвестиция тартуу максатында, жакын келечекте адыр участкасында кошумча жер аянттарын өздөштүрүү боюнча иш-чараларын алып баруу тууралуу" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-апрелинденги № 9 "Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 44 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы ирригация тармагын өнүктүүрү, модернизациялоо жана инвестиция тартуу максатында, жакын келечекте адыр участкасында кошумча жер аянттарын өздөштүрүү боюнча иш-чараларын алып баруу тууралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 30.04.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.04.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019075>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36099/edition/22831/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.04.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-апрелинденги № 9 "Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 44 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы ирригация тармагын өнүктүүрү, модернизациялоо жана инвестиция тартуу максатында, жакын келечекте адыр участкасында кошумча жер аянттарын өздөштүрүү боюнча иш-чараларын алып баруу тууралуу" токтому (ред. от 30.04.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019075

---

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын 2022-жылдын 30-апрели № 9 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 44 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы ирригация тармагын өнүктүүрү, модернизациялоо жана инвестиция тартуу максатында, жакын келечекте адыр участкасында кошумча жер аянттарын өздөштүрүү боюнча иш-чараларын алып баруу тууралуу

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 44 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин айыл аймактарда айылдардын инфрастуктурасын оңдоо, кошумча жер аянттарын өздөштүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча койгон тапшырмаларын турмушка ашыруу максатында, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы алыскы адыр участкасынын ирригация тармагын модернизациялоо, жакын келечекте кошумча жер аянттарын өздөштүрүү боюнча иш-чараларын алып баруу максатында:Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-беренесине жана 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу, алыскы адыр участкасына суу чыгаруу, жакын келечекте адыр участкасында кошумча жер аянттарын өздөштүрүү, айыл аймагынын ирригация тармагынын өнүктүүрү, модернизациялоо жана инвестиция тартуу максатында:

“Жаңы-Ноокат айылынын өнүктүрүү” коомдук бирикмесине Жандама айылындагы Чили-Сай дарясынан суу чыгаруу, суу өтүүчү трубаларды орнотуу, суу топтоочу басейиндерди куруу жана ошол жерлерде монтаж иштерин алып барууга макулдук берилсин.

2. “Жаңы-Ноокат айылынын өнүктүрүү” коомдук бирикмесине: Жогорудагы белгиленген жумуштарды аткарылышын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтомунун, 1-тиркемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндөгү” Жобоосунун жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде алып барусун, керектөлүүчү иш-кагаздарына тийиштүү долбоорлорун, уруксаат кагаздарын алуу жана керектүү каражаттар, төлөнүчүү бардык мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө жагы милдеттендирилсин ушул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жүктөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

К. Сатторов
