Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Сахаба эс алуу сейил багындагы иш чаралар жөнүндөгү” Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-июлындагы №4-кезектеги сессиясынын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 32 сандуу катына жана Жандама айылынын айыл башчысы А.Яйлоповдун 2022-жылдын 25-мартындагы Сунуш катына негиз» токтому
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын 2022-жылдын 30-апрели № 1 Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Сахаба эс алуу сейил багындагы иш чаралар жөнүндөгү” Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-июлындагы №4-кезектеги сессиясынын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 32 сандуу катына жана Жандама айылынын айыл башчысы А.Яйлоповдун 2022-жылдын 25-мартындагы Сунуш катына негиз
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 566 сандуу “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө” Жарлыгын жетекчилике алып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколу негиз, Жаңы-Ноокат айылында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн “Сахаба” эс алуу сейил багына ички инвестиция тартуу, туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө, сейил бакда эмгектенип жаткан жеке ишкерлерге шарт түзүү, санитардык, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо жана техникалык коопсуздук нормаларын талаптарына ылайык иш алып баруу, сейил бакка келүүчү туристтерге ынгайлуу шарттарды жаратып берүү жана тейлөө маданиятын,туристтик потенциалын жогорулатуу максатында: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүнө караштуу “Сахаба” эс алуу сейил багындагы чириген теректерди, кооптуу болуп калгандыгына байланыштуу, сейил багындагы чирип көңдөйлөнгөн 80-жылдан ашкан, кокусунан кулап түшүү кокустугу бар теректер боюнча инвентаризация жүргүзүп, иш-чаралар иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сахаба” эс алуу сейил багына ички инвестиция тартуу, туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө, сейил бакдагы ишкерлерге шарт түзүү, санитардык, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо жана техникалык коопсуздук нормаларын талаптарына ылайык иш алып баруу, сейил бакка келүүчү туристтерге ыңгайлуу шарттарды жаратып берүү жана тейлөө,туристтик потенциалын жогорулатуу максатында: Эс алуу сейил багындагы коп жылдык чириген теректер кооптуу болуп калгандыгын эсепке алып, сейил багындагы чирип көңдөйлөнгөн, 80-жылдан ашкан кулап түшүү кокустугу барларын инвентаризациянын жыйынтыгы менен кесүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы, № 263 токтомунун, 1-тиркемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндөгү Жобоосунун негизинде камсыз кылыш жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин жана ”Сахаба” эс алуу сейил багында теректерди кесип алуу үчүн керектелүүчү каражаттар жергиликтүү калктын эсебинен сарпталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы
К. Сатторов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.