# Ак-Турпак айылдые кенешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №7 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Турпак айылдые кенешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №7 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 01.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018900>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35931/edition/22653/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Турпак айылдые кенешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №7 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018900

---

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2024-жылдын 1-февралы № 7 Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

“Кыргызтранснефтегаз” МИсынын директору А.К.Чодоновдун 2023-жылдын 30-ноябрындагы №03-14/117 сандуу сунуш катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы №300 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2022-жылдын 28-декабрындагы №668-б буйругуна негиз, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн балансында турган нефтебазаны “Кыргызтранснефтегаз” МИсына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени кайрадан карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №30 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн балансында турган нефтебазаны “Кыргызтранснефтегаз” МИсына өткөрүп берүү жөнүндөгү “Кыргызтранснефтегаз” МИсынын сунуш каты канааттандырылсын.

3. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Имаров
