Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кенешинин «Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) 1 сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №4 Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 20.09. 2024-ж. №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жана Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61, 62-беренесине, 2023-жылдын 24-июлу №146 “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 1-октябрындагы №2 чечими менен бекитилген Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 07.12.2024-ж. саат-10-00дө шаардык маданият сарайында өткөрүлсүн;
2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны 150 болуп бекитилсин;
3. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынына коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынан катышуучу өкүлдөрдүн саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын эли менен өткөрүлүүчү жыйындардын графиги, жыйындарды уюштуруу жана өткөрүүгө жооптуу шаардык кеӊештин депутаттарынын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
6. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага
Б.А. Абдуназаров
“Бекитемин” Шаардык кеӊештин төрагасы _________________ Б.А. Абдуназаров
27.11. 2024-ж. 4 токтомуна
Тиркеме №1
Шаардык коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынан Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны:
К№
Коомдук өзүн өзү башкаруу аймагынын аталышы
Делегаттардын саны
Кош-булак аймактык башкармалыгы
Ш.Жураев
5
С.Садыков
4
Р.Жолбаев
5
А.Аширалиев
4
Д.Жороев
5
Кенжебаев
8
С.Султанов
4
Т.Рустамов
8
Т.Марипов
7
Деканова
6
Дзержинский
4
Токтогул
5
Бардыгы
65
Шаар боюнча
Эльмуратов
7
Бакыбек
5
Макаевка
7
Т.Ибрагимов
6
Амраев
5
Н. Отбасаров
7
Шахтер
6
Советская
9
Кызыл -Бел
9
Бөкөнбаев
6
Кольцо
6
Кенчи
5
П.Кулматов
7
Бардыгы
85
Жалпы:
150
Жооптуу катчы: М.К. Джураева
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы _________________ Б.А. Абдуназаров
27.11. 2024-ж. 4 токтомуна
Тиркеме №2
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. Б. А. Абдуназаров - шаардык кеӊештин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
2. Джураева Р.Д. . -шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3. Джураева М.К. – шаардык кеӊештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
МҮЧӨЛӨРҮ:
4. Балтабаев Д.Д. – шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;
5. Ахматова А.Н. - шаардык кеӊештин депутаты;
6. Эрназарова Г.Ж. - шаардык мэриянын башкы адиси;
7. Канзаманова А. И. – шаардык мэриянын уюштуруу иштери боюнча башкы адис;
8. Эралиев И.С. – шаардык ардагерлер кеӊешинин төрагасы;
9. Бикулова Н.Б. - коомдук өзүн-өзү башкаруу аймагынын өкүлү;
Жооптуу катчы: М.К. Джураева
“Бекитемин” Шаардык кеӊештин төрагасы _________________ Б.А. Абдуназаров
27.11. 2024-ж. 4 токтомуна
Тиркеме №3
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын эли менен өткөрүлүүчү жыйындын графиги жана жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеӊештин депутаттарынын тизмеси.
№
Аймактын аталышы
Өткөрүлө турган жери
Датасы
Жооптуулар
1
Кош-Булак аймактык башкармалыгы
№4 Р.Жолбаев атындагы орто мектеби, №9 Н.Кушматов мектеп гимназиясы
2024-ж. 4-декабрь Саат 10-00
Джураева Р.Д. Токтобаев Д.Б. Ахматова А.Н
А.Мусаев
Г.Эрназарова
Г. Полотова
А.Исманов
2
Кош-Булак аймактык башкармалыгы
№7 И. Раззаков атындагы орто мектеби
2024-ж. 4-декабрь Саат 11-00
Жайнаков Р.М. Мадаминова Р.К. Абдираимова Н.Н.
А.Мусаев Г. Мадмусаева
Г.Эрназарова
3
Элмуратов
Коомдук өзүн өзү башкаруу аймагында (мектептин жанында)
2024-ж. 4-декабрь 12-00
Р. Нурматова
Г.Эрназарова
Г. Мадмусаева
Н. Бегимкулов
4
Бакыбек
№3 М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектеби
2024-ж. 4-декабрь Саат 13-00
Исмаилов К.А. Набиев Н.Р.
Г.Эрназарова
Ж.Исмаилов
Г.Умарова
5
Макаевка
№3 М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектеби
2024-ж. 4-декабрь 13-00
М. Кутбидинов
Р. Нурматова
М.Муминова
Г. Эрназарова
К. Рахманов
И. Самадова
6
Т. Ибрагимов
№3 М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектеби
2024-ж. 4-декабрь 13-00
Р. Нурматова
М.Муминова
Г. Эрназарова
Э. Ширалиев
Өсөр уулу Д
М. Кудайназарова
7
Амраев
№1 В.И.Ленин атындагы орто мектеби
2024-ж. 4-декабрь 14-00
Б. Ташев
К. Кудаяров
Г. Эрназарова
С. Калакулов
8
Н. Отбасаров
№1 В.И.Ленин атындагы орто мектеби
2024-ж. 4-декабрь 14-00
К. Сапарбаев
К. Толобаев
Г. Эрназарова
А. Толобаева
9
П. Кулматов
№1 В.И.Ленин атындагы орто мектеби
2024-ж. 4-декабрь 14-00
К. Сапарбаев
К. Төлөбаев
Г. Эрназарова
Ы.Тойчиева
10
Шахтер
№2 Токтогул Сатылганов атындагы кесиптик лицейинде
2024-ж. 4-декабрь 15-00
Акимбеков З.К
Г. Эрназарова
Эралев Ы.С.
К. Исманова
Р. Рахманова
11
Советская
Т. Рустамов атындагы №5 орто мектеп
2024-ж. 4-декабрь 16-00
З.Мурзали уулу
Г. Эрназарова
И. Мамадалиева
О. Юсупова
Б. Саттаров
Н. Бикулова
12
Кызыл -Бел
Т. Рустамов атындагы №5 орто мектеп
2024-ж. 4-декабрь 16-00
Абдуназаров Б.А. Узаков И.А.
Г. Эрназарова
М. Шарипов
13
Кольцо
№6 А.Кайымкулов атындагы орто мектеби
2024-ж. 5-декабрь Саат 10-00
Абдуназаров Б.А.
Г. Эрназарова
И.Калпаева
Ж.Аджибаев
14
Бөкөнбаев
Коомдук өзүн өзү башкаруу аймагында
2024-ж. 5-декабрь Саат 11-00
Абдуназаров Б.А.
Г.Эрназарова
Э. Мажитова
Б. Пардабай уулу
15
Кенчи
Коомдук өзүн өзү башкаруу аймагында
2024-ж. 5-декабрь 13-00
Абдуназаров Б.А.
Г. Эрназарова
А. Ярашев
Эскертүү: Ар бир өткөрүлгөн жыйындын протоколу, катышкандардын тизмеси (кол тамгасы менен) шайланган делегаттар боюнча анкета (формага ылайык) шаардык кеӊешке тапшырылат.
Жооптуу катчы: М.К. Джураева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Конституционный Закон КР от 24 июля 2023 года № 146 "О Народном Курултае"Конституционный Закон · 24.07.2023 · № 146