Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кенешинин «Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) 1 сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №3
Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жургузүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Сүлүктү шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.suluktu.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасына, шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага
Б.А. Абдуназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.