Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин «Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө» Токтому
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН БИРИНЧИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 28-ноябрындагы №3
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланыш чындоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №199 тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ Жарлыгынын негизинде бекитилген жергиликтүү жамааттардын ѳкүлчүлүктүү жыйындарын ѳткѳрүү боюнча тиешелүү аймакты бѳлүктѳргѳ бѳлүү ченеми боюнча нускамасына” ылайык маселени карап, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Этностук коомдук бирикмелердин Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйындарды ѳткѳрүү 2024-жылдын 7-декабрында саат 10:00 до ѳткѳрүлсүн.
2. Ак-Терек айыл аймагынын Кезектеги III Элдик Курултайынын курамы калктын санына ылайык 100 делегаттан тураары белгиленсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын Кезектеги III Элдик Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы 17 (он жети) адамдан бекитилсин (№1 тиркеме)
4. Ѳкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындары 4-декабрь айынан 5-декабрь айына чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн жана ѳкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бѳлүнѳѳрү эскертилсин. (№2 тиркеме)
5. Ак-Терек айыл ѳкмѳтү Кезектеги III Элдик Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ жана белгиленген мѳѳнѳттѳ графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын ѳтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага Эркинбек уулу С.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.