Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө ” токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы 2024-жылдын 28-ноябры №5
“Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Жарлыгы менен бекитилген 2024-жылдын 20-декабрда өтүүчү кезектеги III Элдик Курултайга Жалал-Абад шаарынан делегаттарды шайлоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 61-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь саат 10:00 гө чакырылсын. Өкүлчүлүктүү жыйын Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драм театрында өткөрүлсүн. Жалал-Абад шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги №2-тиркемеге ылайык бекитилсин. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (Эшенкулов О.З.) милдеттендирилсин. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага:
О.Т. Турдубеков
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы I уюштуруу сессиясынын №5-токтомуна №1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу боюнча жумушчу тобунун курамы
№
Аты-Жөнү
Кызмат орду
1.
Турдубеков Орозбек Турдубекович
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы
2.
Маманов Каныбек Тойчубекович
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары
3.
Эшенкулов Орозбек Залимтөрөевич
Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
4.
Мустапакулова Малика Пайгамбаркуловна
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы-жумушчу топтун мүчөсү
5.
Мадиярова Майрамкан Бахадыровна
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын адиси- жумушчу топтун мүчөсү
6.
Караев Т.К.
Демилгечи топтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү
7.
Султанова Курманжан
«Седеп» КФтун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү
Жооптуу катчы О.Эшенкулов
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы I уюштуруу сессиясынын №5-токтомуна №2-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги
№
Аймактык башкармалыктар
Өткөрү датасы
Сааты
Өкүлдөрдүн саны
Жооптуу МАБ
1.
Курманбек МАБ №3 орто мектеп
04.12.2024-ж.
17-00
36
Алдосова Б.С
2.
Ч.Айтматов МАБ
Октябырдын 40 жылдыгы мектеби
04.12.2024-ж.
15-00
40
Эргашева Н.О
3.
М.Конгантиев МАБ
Имараты
04.12.2024-ж.
10-00
16
Азимов Р.Г
4.
Т.Тайгараев МАБ
№10 орто мектеп
04.12.2024-ж.
15-00
20
Джээнбеков Т.К
5.
Достук МАБ №75 КЛ
04.12.2024-ж.
16-00
33
Райимжанов А.А
6.
Спутник МАБ №9 гимназия мектеби
04.12.2024-ж.
14-00
36
Умуралиева А.К
7.
Көк-Арт МАБ №13 орто мектеби
04.12.2024-ж.
14-30
19
Шайбеков К.Ж
8.
Барпы театры
07.12.2024-ж.
10-00
200
Мустапакулова М.П. Мадиярова М.Б.
Жооптуу катчы О.Эшенкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 20 сентября 2024 года УП № 271 "О проведении очередного III Народного Курултая"Указ · 20.09.2024 · № 271 · Утратил силу