Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Өкүлчүлүктүү жыйындардын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарынөткөрүү графигин, делегаттарынын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө» Токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX чакырылышы I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1-4
Өкүлчүлүктүү жыйындардын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарынөткөрүү графигин, делегаттарынын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө
2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IIIЭлдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына жана Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык,II Элдик Курултайдын Улуттук Кенеши 2023-жылдын 16-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын пикирин, сунуштарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 7-декабрында ишемби күнү Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны чакыртылсын жана Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жыйындар залында саат 14.00 дө өткөрүлсүн;
2.Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарынын саны 150 адам деп бекитилсин, анын ичинде
- Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы – 40
- Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы – 40
- Ача-Кайынды айылы – 35
- Ак-Жар айылы - 35
3. Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
Өкүлчүлүктүү жыйындын уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобунун курамы бекитилсин:
Төрага
У. Мелис уулу
Жумушчу топтун төрагасы:У. Мелис уулу – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы; Жумушчу топтун катчысы: Н. Кемелова– Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы; Жумушчу топтун мүчөлөрү: С. Өмүралиев – Аксакалдар сотунун төрагасы;
В. Мамытбекова -Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
Н. Бакенов - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
И. Абдыкеримов – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
К. Жапаров – Ат-Башы айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн кызматкери;
К. Казиева – Ат-Башы айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн кызматкери;
1. Өкүлчүлүктүү жыйындынделегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жумушчу топ менен биргеликте иш жүргүзүшсүн;
2. Жыйын өтүүчү жайларды, материалдык-техникалык керектөөлөрдү камсыз кылуу, жыйындарды өткөрүүгө көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;
3. Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо жагы Ат-Башы РИИБге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы кезектегиI сессиясынын №1-5 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги
№
Квартал
Өткөрүү күнү, жери
Өткөрүү жери
Сааты
1
Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы
04.12.2024
А. Керимбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында
11.00
2
Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы
04.12.2024
Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жыйындар залында
14.00
3
Ача-Кайынды айылы
05.12.2024
Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында
11.00
4
Ак-Жар айылы
05.12.2024
Ак-Жар Маданият үйүнүн имаратынын жыйындар залында
14.00
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы кезектеги I сессиясынын №1-5 токтомуна 2-тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси
№
Квартал
Жооптуу депутаттар
1
Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы
Алымбекова Акылай Ишеналиевна Жумаев Бекжан Урматович Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович Энтериева Айнагүл Тезекбаевна Бакенов Нургазы Женишбекович Мелисов Илгиз Мелисович Шайлообек кызы Бактыгүл
2
Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы
Бобушова Элнура Тентиевна Мамыралиев Максат Бердибекович Муратова Жасмина Муратовна Омокоев Бактыбек Дүйшөбаевич Аскербек кызы Саламат Замирбеков Толубай Замирбекович Сейитказиева Майрамкүл Адылбековна Толубаев Эрмек Толубаевич Тыналиева Сагынбүбү Күмөндөровна
3
Ача-Кайынды айылы
Абыталыпов Жапар Жакыбалиевич Албанова Дүйшөбүбү Аманакуновна Надырбекова Самара Токтоналиевна Жумалы уулу Максатбек Муханбет уулу Анарбек Сасанова Эльмира Карагуловна
4
Ак-Жар айылы
Имашов Бексултан Кубанычбекович Имашов Нурсултан Кубанычбекович Курманалиев Талант Искендерович Пазылахунова Саида Калимжановна Соромбаева Нурзада Бейшеналиевна
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 20 сентября 2024 года УП № 271 "О проведении очередного III Народного Курултая"Указ · 20.09.2024 · № 271 · Утратил силу