# Папан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябры № 6 "Андагул участкасындагы 3 га жерди иштеткен ишкер менен келишим түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Папан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябры № 6 "Андагул участкасындагы 3 га жерди иштеткен ишкер менен келишим түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 27.09.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.09.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018571>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35702/edition/22225/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.09.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Папан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябры № 6 "Андагул участкасындагы 3 га жерди иштеткен ишкер менен келишим түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.09.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018571

---

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 27-сентябры № 6

Андагул участкасындагы 3 га жерди иштеткен ишкер менен келишим түзүү жөнүндө

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясында айыл өкмөттүн 23-сентябрь 2023-жылдагы чыгыш №01-19/221 сандуу катын карап, КРнын Айыл чарба Министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндөгү жобого ылайык, КРдагы Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №347-токтомунун 1-главасынын 4-пунктун негиз кылып токтом кылат:

1.Папан айыл өкмөтү коомчулуктун социалдык абалын эске алып, айыл

өкмөттөгү жумушзуздукту жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу айыл өкмөттүн бюджетин көтөрүү максатында, Андагул участкасындагы Ак-Буура дарыясынын боюндагы 3га жерди иштеткен жеке ишкер менен ишкерлигин кеңейтүүгө, мыйзам чегинде тиешелүү мекемелерден уруксат алуу менен бирге ишкерликти ар тараптуу өнүктүрүүсү үчүн ишкер менен келишим түзүү айыл өкмөткө жүктөлсүн.

2. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына

милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу

комиссиясына жүктөлсүн.

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Тагаев
