Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Папан айылдык кеңешинин «Андагул участкасындагы 3 га жерди иштеткен ишкер менен келишим түзүү жөнүндө» токтому
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 6
Андагул участкасындагы 3 га жерди иштеткен ишкер менен келишим түзүү жөнүндө
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясында айыл өкмөттүн 23-сентябрь 2023-жылдагы чыгыш №01-19/221 сандуу катын карап, КРнын Айыл чарба Министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндөгү жобого ылайык, КРдагы Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №347-токтомунун 1-главасынын 4-пунктун негиз кылып токтом кылат:
1.Папан айыл өкмөтү коомчулуктун социалдык абалын эске алып, айыл
өкмөттөгү жумушзуздукту жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу айыл өкмөттүн бюджетин көтөрүү максатында, Андагул участкасындагы Ак-Буура дарыясынын боюндагы 3га жерди иштеткен жеке ишкер менен ишкерлигин кеңейтүүгө, мыйзам чегинде тиешелүү мекемелерден уруксат алуу менен бирге ишкерликти ар тараптуу өнүктүрүүсү үчүн ишкер менен келишим түзүү айыл өкмөткө жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына
милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы:
Т. Тагаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.