# К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/2 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мурунку мончого тиешелүү жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп жеке менчик турак жайга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/2 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мурунку мончого тиешелүү жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп жеке менчик турак жайга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 36/2
- Дата принятия: 28.09.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.09.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018456>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35629/edition/22032/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.09.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/2 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мурунку мончого тиешелүү жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп жеке менчик турак жайга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.09.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018456

---

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36-отуруму

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/2

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мурунку мончого тиешелүү жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп жеке менчик турак жайга өткөрүп берүү жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы муниципалдык менчикиндеги 5-01-01-1004-0499 идентификациялык сыр белгиси менен катталган мончону муктаж жакыр үй-бүлөөгө жеке менчик турак жайга өзгөртүп берүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы муниципалдык менчикиндеги 5-01-01-1004-0499 идентификациялык сыр белгиси менен катталган мурунку мончого тиешелүү 300,75 чарчы метр жер тилкеси Сопу-Коргон айылынын тургуну Осмонова Катя Алимбековнага турак жай салууга бекитилип берилсин.

2. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин төрагасы:

Л.Койчиев
