# К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/1 "Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/1 "Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 36/1
- Дата принятия: 28.09.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.09.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018441>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35628/edition/22029/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.09.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/1 "Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.09.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018441

---

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36-отуруму

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/1

Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча жооптуу катчы Айдарбек уулу Назарбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктү жыйындарын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамын түзүү жана жыйындардын графиктерин бекитүү максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы аткаруугу жана жетекчиликке алынсын. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин бекиткен календардык планына жана атайын кабыл алынган түшүндүрмөлөрүнө ылайык иштер алып барылсын.

2. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктү жыйындарын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөндөгүлөрдөн түзүлсүн. (тиркеме тиркелет №1).

3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн айылдарында өткөрүлө турган жергиликтүү жамааттардын жыйындарынын графиги жана жооптуу депутаттардын тизмеги. (тиркеме тиркелет №2).

4. Өкүлчүлүктү жыйындарды уюштуру жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.

5. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардан келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды убагында берүү жооптуу катчыга жүктөлсүн.

6. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин төрагасы:

Л.Койчиев

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин 28-сентябрь 2023-жылдагы №36/1 токтомуна тиркеме №1

Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктү жыйындарын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы

1. Л.Койчиев -Айылдык кеңештин төрагасы –комиссиянын төрагасы

2. Н. Айдарбек уулу-айылдык кеңештин жооптуу катчысы-комиссиянын катчысы

МҮЧӨЛӨРҮ:

1.К.Токторалиев –Чий-Талаа айылынын айыл башчысы

2.Ж.Шарипова –айылдык кеңештин депутаты

3.Б.Ашимова-Айылдык ден-соолук комитети

4. М.Боронбаев- Сопу-Коргон тазалык МИ директору

5.Г.Атаканова-уюштуруучу

Жооптуу катчы

Н.Айдарбек уулу

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин 28-сентябрь 2023-жылдагы №36/1 токтомуна тиркеме №2

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн айылдарында өткөрүлө турган жергиликтүү жамааттардын жыйындарынын графиги жана жооптуу депутаттардын тизмеги

Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери

Адамдын саны

Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны (квотага ылайык)

Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жери

Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү датасы, убактысы (графиги)

Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси

1

Сопу-Коргон

3262

16

Маданият үйү (клуб)

2023-жылдын 20-октябры 10:00

Рысбаева Аида

2

Көлдүк

1014

5

Көлдүк баштооч мектеби

2023-жылдын 19-октябры 14:00

Темишов Калдарбек

3

Жерге-Тал

708

4

М.Абдразаков баштооч мектеби

2023-жылдын 19-октябры 10:00

Исакова Бактыгүл

4

Терек

1597

8

К.Султанов орто мектеби

2023-жылдын 18-октябры

Аматова Гүлмейис

5

Чий-Талаа

2125

11

Б.Абжапаров орто мектеби

2023-жылдын 16-октябры 14:00

Кадыров Таалайбек

6

Аскалы

782

4

М.Акматов орто мектеби

2023-жылдын 17-октябры 10:00

Ташполотуулу Төлөгөн

7

Таргалак

374

2

Таргалак баштооч мектеби

2023-жылдын 17-октябры 14:00

Жунусмаматова Уулбү

Калкынын саны

9862

50

Жооптуу катчы

Н.Айдарбек уулу
