Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайын чакыруу жана өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» Токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 29-ноябры № 2 Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайын чакыруу жана өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына жана Улуттук Кеңештин 2023-жылдын 16-декабрындагы №1 чечиминин тиркемесине ылайык, “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө Жобого жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү курултайынан Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь, жума күнү Нарын шаарынын Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин жыйындар залында саат 15 00дө өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултайына” Нарын шаарынан делегаттардын бекитилген квоталарына ылайык 3 делегат көрсөтүлсүн.
3. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн курултайына делегаттарды шайлоо 5 аймактык чөлкөмдөрдө жашаган калктын санына жараша Нарын шаарындагы 1-аймактык РТС чөлкөмүнөн- 33делегат, 2-аймактык И.Раззаков чөлкөмүнөн – 33 делегат, 3-аймактык Борбор чөлкөмүнөн - 28 делегат, 4-аймактык Көтөрмө чөлкөмүнөн - 25 делегат, 5-аймактык Батыш чөлкөмүнөн - 31 делегат көрсөтүлсүн, жана ченемге (нормага) ылайык шаардык курултайга 150 (жүз элүү) делегат шайлансын.
3. Элдик Курултайга Нарын шаарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы (мындан ары - жумушчу топ) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (курамы тиркелет).
4. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайына делегаттарды шайлоо 5 аймактык чөлкөмдө түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлсүн (2-тиркеме тиркелет).
5. Жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча чогулуштар жашаган жери боюнча белгиленген графикке ылайык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жана өткөрүүгө жооптуу депутаттардын катышуусу менен жүргүзүлсүн.
6. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайынан Элдик курултайга шайланган делегаттардын тизмелерин, шайлоо тууралуу протоколун жана толтурулган анкеталарын уюштуруу комитетине тапшыруу жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.
7. Нарын шаардык жергиликтүү коомдоштуктун курултайын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан финансы маселелерин чечүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
8. Массалык маалыматтар каражаттары аркылуу Нарын шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын курултайын жана аймактык чөлкөмдөрдө өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын) саатын жана дарегин жергиликтүү жамаатка алдын ала маалымдоо жагы Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
9. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмү Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн курултайын жана чөлкөмдөрдө өткөрүлүүчү жыйындарын өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо боюнча зарыл чараларды көрсүн жана жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрүн жыйынга катышуусун камсыз кылсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага
Ч. Муканбетжусупов
2024-жылдагы жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Нарын шаарынын чөлкөмдөрүндө жергиликтүү жамааттар менен жолугушуу графиги
№
Аймака бөлүнүшү
Датасы
Убактысы
Орду
Жолугушууга жооптуу депутаттар жана мэриянын кызматкерлери
Жооптуу мекеме, ишканалар жана жетекчилер
1
1-аймак РТС чөлкөмү
03.12.2024-ж.
15.00
С.Бекманбетов спорт мектеби
А.Апышев
Ы.Муханмедий к
Э.Рысбек уулу
С.Алымкулова
Б.Касымов
А.Ибраев
Ш.Жумалиева
Р.Бактыбеков
А.Дыйканбаев-№10 мектеп
Мухаммедий кызы Р. -№18 б/бакча
С.Алымкулова - №3 б/бакча
А.Турдубек уулу -Таза-Нарын
Э.Жамбаев-муниципал
А.Исманов -гор сеть
Ж.Мамбетказиев-соц коргоо
Б.Садыбакасов -налог
М.Аляскаров -ЦСМ
А.Орозобаев-суу-канал
С.Бошубеков спорт мектеп
А.Бильдебаев -ГОВД
А.Кыдыкбаев -МЧС
Р.Касмалиев-спорт бөлүм
2
2-аймак Раззаков чөлкөмү
03.12.2024-ж.
17.00
№7 орто мектептин актовый залы
А.Торогелдиев
А.Мааткеримов
А.Жакшылыков
Н.Кайыпов
А.Мурзаканова
А.Мамаджанова
А.Кадыралиев-№7 мектеп
К.Токтосейитова-№14 б/бакча
Турдубек уулу Акылбек -Таза-Нарын
Э.Жамбаев-муниципал
А.Исманов -гор сеть
Ж.Мамбетказиев-соц коргоо
Б.Садыбакасов -налог
М.Аляскаров -ЦСМ
А.Орозобаев -суу-канал
М. Аманбаев -жылуулук берүү
Н.Эсенканова -китепкана
З.Кененбаева-№2 б.бакча
А.Билдебаев -ГОВД
А.Кыдыкбаев -МЧС
3
3-аймак Борбордук чөлкөмү (Ат-Башы көчөсүнөн баштап ДСУга чейин)
04.12.2024-ж.
15.00
Ж.Шералиев муз.мектеп
А.Черикчиев
Г.Джумамидинова
Н.Дамирбеков
К.Таалайбек у
Г.Токолдошова
Г.Жумакадырова
Асангазы кызы Э
Ж.Асанкожоев
Н.Мукашова
А.Усенова
-№4 мектеп
Г.Келдибекова-№1 орто мектеп
Р. Осмонов №2 мектеп гимназия
Н.Байбосова №15 б/бакча
Н.Асыпбаева №4 б/бакча
Т.Жунушбаева №3 б/бакча
Ж.Абдразаков муз.мектеп
Д.Жунусова -Маданият бөлүмү
Акылбек Турдубек уулу -Таза-Нарын
Э.Жамбаев -муниципал
А.Исманов -гор сеть
Ж.Мамбетказиев-соц коргоо
Б.Садыбакасов -налог
Т.Жакыпов-ЦСМ
А.Орозобаев-суу-канал
М.Аманбаев -жылуулук берүү
Н.Эсенканова –китепкана
А.Билдебаев -ГОВД
А.Кыдыкбаев -МЧС
4
4-аймак Көтөрмө чөлкөмү (ДСУдан Жаңы жолго чейин)
04.12.2024-ж.
17.00
№8 орто мектеп
А.Сталбек уулу
М.Муталипова
А.Кадыркулов
Э.Өмүралиев
З.Жумаев
Ж.Кенжебекова
А.Усубалиев-№5 мектеп
У.Турсунов-№8 орто мектеп
М.Нуралиева №17 б/бакча
А.Турдубек у -Таза-Нарын
Э.Жамбаев-муниципал
А.Исманов -гор сеть
Ж.Мамбетказиев-соц коргоо
Б.Садыбакасов -налог
М.Аляскаров -ЦСМ
А.Орозбаев-суу-канал
М.Аманбаев жылуулук берүү
А.Билдебаев -ГОВД
А.Кыдыкбаев -МЧС
Д.Кенжекеева-соц фонд
5
5-аймак Батыш чөлкөмү (Жаңы жолдон Ак-кыяга чейин)
05.12.2024-ж.
17.00
№9 А.Садыков атындагы орто мектеби
К.Токтомуш уулу
Акматбек к Э
Ч.Муканбетжусупов
Ж.Идирисова
А.Байышов
А.Өмүрзаков
М.Таалайбекова
А.Шеримбекова - мектеп лицей
- №9 орто мектеп
Г.Чымырбаева №16 б/бакча
А.Турдубек уулу -Таза-Нарын
Э.Жамбаев-муниципал
А.Исманов -гор сеть
Ж.Мамбетказиев-соц коргоо
Б.Садыбакасов -налог
М.Аляскаров -ЦСМ
А.Орозобаев-суу-канал
М.Аманбаев -жылуулук берүү
А.Кыдыкбаев - МЧС
А.Билдебаев - ГОВД
Д.Кенжекеева-соц фонд
Жооптуу катчы А.Жапаралиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 20 сентября 2024 года УП № 271 "О проведении очередного III Народного Курултая"Указ · 20.09.2024 · № 271 · Утратил силу