# Ак-Суу айылдык кенешинин 2024-жылдын 12-июлундагы №202 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) киргизүү жумуштарын бекитүү жөнүндө ”токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2024-жылдын 12-июлундагы №202 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) киргизүү жумуштарын бекитүү жөнүндө ”токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 202
- Дата принятия: 12.07.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.07.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017863>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35201/edition/21045/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.07.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2024-жылдын 12-июлундагы №202 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) киргизүү жумуштарын бекитүү жөнүндө ”токтому (ред. от 12.07.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017863

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы

2024-жылдын 12-июлу № 202 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) киргизүү жумуштарын бекитүү жөнүндө ”.

КР Айыл чарба министрлигинин “КР Жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 20-апрелиндеги №154-НИ буйругу,КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын 2023-жылдын январынын №12 буйругуна ылайык Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 2-июнундагы №2/140 буйругунун,Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июнундагы №52 буйругунун негизинде жана “Кыргызмамжердолбоорлор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртү,түзөтүү (корректировка) киргизүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) жумуштарынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматы көңүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын өзгөртүп,

түзөтүү (корректировка) жумуштары тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).

3.Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевге милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Саматов
