# Пригород айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы № 81 “Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Пригород айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы № 81 “Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 81
- Дата принятия: 07.12.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.12.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017848>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35189/edition/21027/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.12.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Пригород айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы № 81 “Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому (ред. от 07.12.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017848

---

ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ Пригород айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 27 сапар сессиясы

2023-жылдын 7-декабрындагы № 81

“Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө” жобонун, Пригород айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июнундагы №03-21/651 өтүнүч каттын жана берилген материалдардын “мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү боюнча” 2023-жылдын 2-октябрындагы №2 Аламүдүн райондук комиссиясынын протоколунун негизинде чечим кылган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик Администрациясынын №22-п 2023-жылы 18-октябрында чыккан Токтомуна ылайык, Пригород айылдык кеңеш талкуулап,

ТОКТОМ кылды:

1. Пригород айыл аймагынын №199-контурунда “Үмүт” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 0,04 га жер участогун канализациялык-насостук станциясын уюштуруу жана куруу үчүн жердин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында №199-контурунда “Үмүт” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 0,04 га жер участогун канализациялык-насостук станциясын уюштуруу жана куруу үчүн багытын өзгөртүү (трансформациялоо) боюнча Пригород айыл өкмөтү өтүнүч келтирилсин.

Төрага

Т. Омурзаков
