Таш-Көмүр шаардык кеңешинин «“Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” мекемесин кайра каттоо жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын
2024-жылынын 08-апрель №2
«“Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” мекемесин кайра каттоо жөнүндө».
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтъъ мамлекеттик администрация жана жергиликтъъ ёз алдынча башкаруу органдары жёнъндё” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгынын негизинде, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык, “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” мекемеси болуп кайра катталсын.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение “Таш-Кумырский городской кенеш депутатов”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” м-е.
- Расмий тилде У-е “Таш-Кумырский городской кенеш депутатов”;
2. “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” мекемесинин Убактылуу типтүү жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Таш-Кёмър шаары, Шералы Сыдыков кёчёсъ №24 болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдо кёрсётългён маалыматтар жана мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
7. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Садырбаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы:
С.Кудайбердиев
Бекитилди Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын 2024-жылдын 08-апрелиндеги кезексиз 24-сессиясынын №2 токтому
“Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин Убактылуу типтүү жобосу”
Жалпы жоболор
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин (мындан ары – шаардык кеңеш) ушул Убактылуу типтъъ жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда шаардык депутаттар кеңешин юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардык депутаттар кеңешинин ишин жөнгө салат. Шаардык кеңеш – өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде 19 (он тогуз) шаардык кеңешинин депутаттарынан турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы. Таш-Кёмър шаардык депутаттар кеңеши юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: “Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңеши” мекемеси; Расмий тилде: Учреждение “Таш-Кумырский городской кенеш депутатов”.
Кыскартылган фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: “Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңеши” м-е. Расмий тилде У-е “Таш-Кумырский городской кенеш депутатов”.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Шералы Сыдыков көчөсү, №24, индекс 721 400
4. Таш-Көмүр шаардык кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Шаардык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле шаардык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Шаардык кеңештин компетенциясы, шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык депутаттар кеңешинин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде шаардык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Шаардык кеңештин чечимдери
8. Шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү шаардын аймаганда милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Шаардык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Шаардык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Шаардык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар шаардык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Шаардык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Шаардык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Төрага: С.Кудайбердиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года УП № 24 "Об утверждении Временного положения о деятельности местных кенешей в рамках проводимой…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2024 года N 52 "Об организации деятельности исполнительных органов местного самоуправления Кыргызской Республики в период…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Утратил силу