Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Курманбек айылдык кеңешинин «Курманбек айылдык кеңешинин Типтүү Регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 24-майы № 3
Курманбек айылдык кеңешинин Типтүү Регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Регламенттин 16-главасынын II пунктуна “Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин дептуттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат” деген сөз “Жүйөлүү себептерсиз (эгерде жүйөлүү себептер болгон тиешелүү кагазы менен, жергиликтүү кеңештин жыйналышына чейин төрагалык кылуучуга билдирүү зарыл) жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депутатттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу учүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт” деген сөз менен алмаштырылсын;
2. Регламенттин 2-главасынын 2-пунктунун 5-7- пунктчалары Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республиксынын 2012-жылдын 3-августундагы №149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкондугуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” Мыйзамы күчүн жоготкондугуна байланыштуу регламенттен алынып салынсын;
3. Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Курманбек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Ботобаевага жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы
Ж.Ж.Салаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 03.08.2012 · № 149