Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчетун кароо жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ IX чакырылыш кезексиз XXXII сессия
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 6
Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчетун кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 21.09.2023-ж. № 01-8/124-каты менен жолдонгон Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчетунун жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясында шаардын мэри жана муниципалдык мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда каралып, депутаттардын сунушун эске алуу менен Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн (мындан ары Эсептөө палатасы) Жалал-Абад шаарынын 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчету эске алынсын.
2. Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган кемчиликтер жана финансылык тартип бузуулар боюнча калыбына келтирүү боюнча төмөндөгүлөр белгиленсин:
2021-2022-жылдар боюнча Мамлекеттик салык кызматы тарабынан башкарылган (администрированный) келип түшүүлөрдүн айрым түрлөрү боюнча план 830,2 миң сомго, Жалал-Абад шаарынын керек жарак рыногу жана кызмат көсөтүү департаменти тарабынан башкарылган (администрированный) салык төлөмдөрдүн планы 8520,7 миң сомго, мекемелердин атайын каражаттар боюнча планы 10 252,8 миң сомго аткарылган эмес. 2021-2022-жылдагы салык боюнча план, келечектеги мезгилге карата ашык төлөөнүн эсебинен аткарылган, бул болсо, факты жүзүндө салыктык түшүүлөрдөн 2021-жылы 11,4%ды, 2022-жылы 10,0%ды түзгөн. Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүүгүсүнө жана 2021- жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпысынан-4228,9 миң. сомдук финансылык чектөөлөр (бузуулар) аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 4173,1 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 1923,2 миң сом, ордуна коюлбаганы 2249,9 миң сом, бузуулардын классификатору боюнча:
- (210201) – Бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнгөндүгү бузуулар (бюджеттик жана СФ кошумча эсептөөлөр) 772,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 50,4 миң сом ордуна коюлган;
- ( 210301, п.8) – муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн алынуучу кирешеге байланышкан бузуулар 46363,4 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (“Жалал-Абадсууканал” башкармалыгы өндүргөн суудан 59% көбү сатылбастан жоготууга учураган).
- ( 210305) – бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 18,9 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- (230207) – курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу 2820,6 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит убагында 1331,2 миң сом калыбына келтирилген, андан бюджетке 20,0 миң сом, мекемеге 1311,2 миң сом;
- ( 230305) – товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 19,5 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (күйүүчү майлар); - (310104)- Негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 11,3 миң сом, аудит учурунда мекемеге калыбына келтирилди;
- (310106) – товардык материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарды негизсиз чыгымдоо 5,3 миң сом, ордуна коюлган жок.
- (410205)- эмгек акы, сапар чыгымы, пособие, компенсация жана башка төлөөлөрдү жүргүзүүдөгү бузуулар 14,7 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, калыбына келтирилген жок;
- (510114) – Мамлекеттик сатып алуулардагы башка бузуулар 530,3 миң сом, толук ордуна коюлду, анын ичинен республикалык бюджетке 117,1 миң сом, мекемеге 413,2 миң сом.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгы боюнча: (башчы Джээнбеков Т., башкы эсепчи Токтакунова Р.) Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-жылдагы 266 сандуу ПЖ “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” жарлыгынын талаптарынын негизинде жүргүзүлсүн жана ашыкча эсептелген жалпы 9,9 миң сом кызматкерлердин эсебинен тийиштүү бюджетке кайтарылып жана эмгек акы жана башка төлөмдөрдү жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы Салык Кодексинин талаптары сакталсын жана аудиттин жүрүшүндө кошумча эсептелинип кармалган 5,1 миң. сом киреше салыгы тийиштүү бюджетке кайтаруу жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин Жалал-Абад шаарынын керек жарак рыногу жана кызмат кѳрсѳтүү департаменти боюнча: (директору Исмаилов К., башкы эсепчи Пирматов Б.) инспекторлоруна, борбордук базарда жана ижара акысына болгон төлөмдөрдү өз убагында тиешелүү бюджетке которулсун. 2021-2022-жылдардын ижара акысынан 10,8 миӊ сом, кызмат көрсөтүүдөн 8,1 миӊ сом жалпысы болуп 18,9 миӊ сом тийиштүү бюджетке өндүрүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы боюнча: (аудит учурундагы жетекчи Максутов А., башкы эсепчи Аширбеков Ы.) ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудит жыйынтыгы менен жоопкерчиликке берилген акча каражаттарына эсепти жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча” Жобосунун талаптары сакталсын, негизсиз чыгыштоолорго жол берилбесин. Жоопкер тараптардын жоопкерчилигинен негизсиз чыгымдалган 5,3 миң сом бюджетке кайтаруу жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. “Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча: (жетекчи Жолдошбаев К, башкы эсепчи Козубаева Н.) Муниципалдык мүлктү башкаруу, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-март №37 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн жана мекеменин жооптуу кызматкерлерине өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди толук жана жооптуу аткаруу жагы контролго алынсын. Аудиттин жыйынтыгы менен кошумча эсептелинген 668,2 миң сомдон аудит учурунда өндүрүлбөй калган 652,4 миӊ сом ижара акылар ишкананын бюджетине өндүрүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча: (жетекчи Борукулов Ж., башкы эсепчи Чоноев А.) Кайчылаш текшерүү учурунда аныкталып бюджетке төгүлбөй калган 13,8 миң сом ижара акы бюджетке өндүрүлсүн. ММБнын кызматкерлери тарабынан, аларга бөлүнгөн аймактарында муниципалдык жерлерди өз алдынча ижара келишимин түзбөстөн иштетип жаткан жеке ишкерлерди тактап ижара келишимдерин түзүү боюнча иш алып барылсын. Каржы бузууларга жол берген жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралып калыбына келтирүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгы боюнча: (директор Боронбаев З., башкы эсепчи Мамакулов А.) Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы, “Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын” жыйынында каралсын, келтирилген кемчилдиктерге жол берген кызматкерлердин жоопкерчиликтерин кароо менен мыйзам чегинде тиешелүү иш чаралар көрүлсүн. Аудиттин жүрүшүндө аныкталган 75,3 миң сомдук жумуштар, “ЖалалАбад шаардык жол башкармалыгы” тарабынан аткарылып калыбына келтирүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаардык маданият сарайы боюнча: (директор Жапаралиев У., башкы эсепчи Кадиев Т.) жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча киреше салыгын, социалдык камсыздандыруу төлөмүн төлөөдө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №3 Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы №8 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнө тарифтер жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы №385 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын талабын бузууга жол берилбесин. Аудит жыйынтыгы менен кошумча эсептелинген 19,3 миң сом киреше салыгы жана 31,0 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрү жалпысы менен 50,3 миң сом тийиштүү бюджеттерге которулуп калыбына келтирүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү: (башчы Нуралиев Т., башкы эсепчи Акимжанов А.) жүргүзүлгөн аудит жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-август 2008-жылдагы № 471 “Сапар чыгымдарын төлөө” жөнүндөгү токтомунун талаптары толук сакталсын жана аталган мыйзамдын талаптарынын сакталышы көзөмөлгө алынсын, төлөнгөн 4,8 миң сом тийиштүү бюджетке кайтаруу жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш департаменти боюнча: (директор Маматжан уулу А., башкы эсепчи Орунбаев А.) Департаментте мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптары так аткарылсын жана утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куруу иштерине сарпталган бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталып, калыбына келтирилбеген 1203,5 миң сомдук кошуп жазуулар тийиштүү тараптардан калыбына келтирүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти боюнча: (директор Жакыпов С. башкы эсепчи Токомбаев С.) Аудит камтыган мезгил ичинде утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куруу иштерине сарпталган бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган 109,9 миң сомдук кошуп жазуулар тийиштүү тараптардан калыбына келтирилсин. Утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куруу иштерине сарпталган бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган 109,9 миң сомдук кошуп жазуулар тийиштүү тараптардан калыбына келтирүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин. Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы (директор Айсариев Н. башкы эсепчи Борукулов Ж.) Аудит камтыган мезгил ичинде утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куруу иштерине сарпталган бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган 100,7 миң сомдук кошуп жазуулар тийиштүү тараптардан калыбына келтирүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Эсептөө палатасы тарабынан берилген сунуш боюнча:
· Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жалал-Абад шаарынын киреше бөлүгүнүн бекитилген планын өз учурунда толук аткаруу боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаарындагы башкармалыктары менен жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы, Жалал-Абад керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти менен өз ара аракеттенишүү боюнча ишти туруктуу негизде күчөтүлсүн.
· Бюджеттик мекеме уюмдарында жана чарбалык ишканаларында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча, каржылык ката кетирүүгө жол берген бюджеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилердин, башкы бухгалтерлердин, финансы-экономика бөлүмүнүн башчыларынын жана башка жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилиги каралып, каржылык катачылыктарды толук жоюу жана мындан ары жол бербөө боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлсүн.
· Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, финансылык башкарууну жандандырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык колдоо көрсөтүүнү жана жергиликтүү бюджеттин туруктуу өсүшүн камсыз кылууга багытталган реалдуу иш-пландар иштелип чыксын.
· “Жалал-Абадсууканал” ишканасындагы эки жылда 10201,4 миң м3 таза суунун керектөөчүлөргө жетпей жоготууга учуроосун же болбосо резервдердин бар экендигин аныктоо максатында тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлүп, аныкталсын. “Жалал-Абад Тазалык” мекемеси аныкталган 668,2 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана “Жалал-Абадсууканал” ишканасындагы таза суунун абоненттерге жетпей жоготууга тийиштүү кызматкерлердин жоопкерчилиги мыйзамга (ченемдик актыларга) карата каралсын.
· Жалал-Абад шаар мэриясына караштуу жалпы бюджеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана шаардык кеңештин катышуусунда аудиттин жыйынтыгы талкуулансын жана өндүрүлбөй калган төмөндөгү каржылык чектен чыгууларды толук өндүрүү, бухгалтердик эсепти ченемдик актыларга шайкеш жүргүзүү жана мындан ары мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чаралар көрүлсүн.
4. Бюджеттик мекемелердин жетекчилери менен биргеликте, финансылык тартип бузууларды толук өндүрүү жана мындан ары жол койбоо боюнча чаралар көрүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э. Ормоков) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О. Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Н.Орозбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Закон «О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию»Закон · 24.01.2004 · № 8
- Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Постановление Правительства КР от 17 июля 2020 года № 385 "Об утверждении Инструкции о порядке начисления и уплаты страховых взносов по государственному социальному страхованию"Постановление · 17.07.2020 · № 385
- Приказ Министерства Финансов Кыргызской Республики от 25 декабря 2018 года №137 "Об утверждении Положения по ведению бухгалтерского учета и финансовой отчетности в секторе…Приказ · 25.12.2018 · № 137 · Утратил силу