Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Көл шаардык кеңешинин “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө” токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-октябрындагы № 144/31-8
“Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө” “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы менен бекитилген “ Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө” убактылуу жобону, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин чечими менен бекитилген Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын, Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш-чараларынын планын, Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмөнү жетекчиликке алып, “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы менен аныкталган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Ч.А.Кимсановдун сунушун, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 8-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрына чакырылсын. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын өткөрүү убактысы саат 10-00, өтүүчү жайы “Энергетик” маданият үйү деп белгиленсин.
2. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 150 деп бекитилсин.
3. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын шайлоо боюнча Кара-Көл шаарын жана анын аймактарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кара-Көл шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучуларды шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын, чогулуштарын өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын саны 2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 3- тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кара-Көл шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы менен бекитилген “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө” убактылуу жобого, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын, Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш-чараларынын планын, Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмөгө ылайык иш алып барсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңешке (Ч.А.Кимсанов), шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев) , көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага
Ч.А.Кимсанов
Begin_nocompare
Тиркеме 1 Кара-Көл шаардык кеңешинин
04.10.2023-жылдагы кезектеги
XXXI сессиясынын №144/31-8 токтому менен бекитилди
Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын шайлоо боюнча Кара-Көл шаарын жана анын аймактарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери 1-аймак (Энергетик)- Серый, Бакешов, Энергетиктер, Исанов, Боконбаев, Жээн-Кыштоо, Ы.Курманалиев , Хуриев , Умралин көчөлөрү; 2-аймак (Байгалмак)- Ленин, К.Турусбеков, Масиров, Панфилов, Ажыматов, Чаргынов, Нуржанова, Акынай, Каипов, Мамытов , КИЭ, Чоң-Таш, Кыргыз көчөлөрү, Сабиров көчөсүнүн 1-20, 21,25,27,33, 37,39,41,43, 45, 47, 60, 64,74,76, 90 үйлөрү; 3-аймак (Шамалык) –Сабиров 22 ден баштап калганы ( Бишкек-Ош трассасынын оң жана сол жээгиндеги үйлөр) , Сабиров Зв 1-2, Токтогул, Рахимов, Ак-Таш, Төрөкулов, Кайыңды, Кара-Көл көчөлөрү; 4-аймак (Бекташ)- Бекташ, Ак-Шар-1,2, Төш-Мазар, Кулданбаев, Ак-Кыя-1,2, Канат көчөлөрү 5-аймак (Кетмен-Төбө)- Кетмен-Төбө айыл аймагы 6-аймак (Жазы-Кечүү) –Жазы-Кечүү, Чакыр-Корум, Сары -Булак, Көк-Бел, Оот айылдары.
Жооптуу катчы
К.И.Нурматова
Тиркеме 2 Кара-Көл шаардык кеңешинин
04.10.2023-жылдагы кезектеги
XXXI сессиясынын №144/31-8 токтому менен бекитилди
Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучуларды шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын, чогулуштарын өткөрүү графиги жана өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын саны
№
Аймактардын аталыштары
Өткөрүү датасы, сааты
Өткөрүү орду
делегаттардын өкүлчүлүктүү нормалары
1
Энергетик
16.10.2022-ж. саат 18:00
№3 мектеп
30 делегат
2
Байкалмак
17.10.2022-ж. саат 18:00
№1 мектеп-гимназия
45 делегат
3
Шамалык
18.10.2022-ж. саат 18:00
№2 мектеп
30 делегат
4
Бекташ
19.10.2022-ж саат 18:00
№4 мектеп
25 делегат
5
Кетмен-Төбө
20.10.2022-ж. саат 17:00
№5 мектеп
10 делегат
6
Жазы-Кечүү
21.10.2022-ж. саат 15:00
№6 мектеп
10 делегат
Жооптуу катчы
К.И.Нурматова
Тиркеме 3 Кара-Көл шаардык кеңешинин
04.10.2023-жылдагы кезектеги
XXXI сессиясынын №144/31-8 токтому менен бекитилди
Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси
№
Аймактардын аталышы
Жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү боюнча жооптуулар
1
Энергетик
С.О.Жардамов, И.Р.Касымов, Кутманбек кызы Айзада, Б.Шакиров, А.А.Камчыбеков
2
Байкалмак
С.М.Тельтаева,Ж.Т.Мадемиров, Ж.Ы.Молдокеев, З.А.Асранбеков, Л.М.Азимжанова
3
Шамалык
Б.Н.Кыргызалиев, Б.Т.Сандыбаев, Э.О.Чиналиев, Г.Р.Разиева
4
Бекташ
Э.Т.Эгембердиев, Н.Ш.Мурсадаирова, З.А.Шатманов, Г.А.Шаменова, Б.М.Исманов
5
Кетмен-Төбө
Ч.М.Боржуев, Т.Ж.Томошов, А.О.Тайчабаров, Г.К.Бердимуратова
6
Жазы-Кечүү
Тилек Эстебес уулу, А.Н. Ныязалиев, А.Т.Токтосунов
Жооптуу катчы
К.И.Нурматова
Тиркеме 4 Кара-Көл шаардык кеңешинин
04.10.2023-жылдагы кезектеги
XXXI сессиясынын №144/31-8 токтому менен бекитилди
Кара-Көл шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
1. Кимсанов Чынгыз Алманбетович - Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. Батыркулов Кадырбек Дооронкулович - Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
3. Нурматова Кыйматкан Исмаиловна- Кара-Көл шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
4. Мусуралиева Гулнара Казыбековна- Кара-Көл шаардык мэриянын башкы адиси;
5. Кокумбаева Жаңыл Орозбековна- Жазы-Кечүү айыл аймактык башкармалыгынын башкы адиси;
6, Бекташов Советбек Жолдошович- Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
7. Токтогулов Сабыржан Уезбаевич- Кара-Көл шаардык аксакалдар жана ардагерлер кеңешинин мүчөсү ;
8. Токтобаев Бакай Доблотбекович-Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты;
9. Мамытканова Тамара Акижановна- Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты.
Жооптуу катчы
К.И.Нурматова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 29 августа 2023 года УП № 215 "О проведении Народного Курултая"Указ · 29.08.2023 · № 215 · Утратил силу