# Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 17/1 "Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 17/1 "Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 17/1
- Дата принятия: 16.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017553>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34990/edition/20725/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 17/1 "Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Токтому (ред. от 16.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017553

---

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Айылдык кеңештин депутаттарынын VII чакырылышы XVII сессиясы

2024-жылдын 16-сентябры № 17/1

Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майындагы № 229-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Чолпон айылдык аймагына караштуу Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасынын башчысынын билдирүүсүн угуп, Чекилдек айылындагы жана Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчаларына жана Туз жана Ара-Көл айылдарындагы ачылып жаткан бала бакчаларына 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга, келечегине шарт түзүү максатында кенже топтогу тайпа ачылууга макулдук берилсин.

Алар:

- Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;

- Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;

- Туз айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15 орун;

- Ара-Көл айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15

орун.

2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы З. А. Козубековго милдеттендирилсин.

Төрага

Жумалы уулу Адил
