# А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 39-2 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынында жайгашкан З.Г.Маматалиеванын менчиги болгон 0,10га. жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 39-2 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынында жайгашкан З.Г.Маматалиеванын менчиги болгон 0,10га. жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 39-2
- Дата принятия: 23.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017527>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34966/edition/20698/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 39-2 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынында жайгашкан З.Г.Маматалиеванын менчиги болгон 0,10га. жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017527

---

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 39- сессиясы

2021-жылдын 23-марты № 39-2

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынында жайгашкан З.Г.Маматалиеванын менчиги болгон 0,10га. жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылында жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-4515 болгон, 2020-жылдын 23 –декабрындагы 2020/26374 сан менен катталган «кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу» келишиминин негизинде сатып алган, Ч№ 539284 сандуу Мамлекеттик Акты берилген жер участкасынын ээси З.Г.Маматалиеванын ишеним кат боюнча өкүлү А.Турсунов арыз менен кайрылып, сатып алган жер участкасы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2014-жылдын 16-сентябрындагы №7 сандуу токтомунун негизинде, комерциялык багытка-чайкана куруп иштетүү үчүн өзгөртүлгөндүгүн, ал жөнүндө бардык ыйгарым укуктуу органдардан корутундулар алынгандыгын билдирип, азыркы күндө сатып алган жеринин пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүгө уруксат берүү сунушу менен айыл өкмөтүнө кайрылган.

Аталган жердин эски ээлери тарабынан жер участкасынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзөгртүүгө Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 25-июлундагы №139/20 сандуу корутундусу алынганын, З.Г.Маматалиеванын атына Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында №01-8/5-05-14/50 сандуу корутундусу берилген. Жогорудагы арыздын талаптарын мыйзамдуу түрдө карап чечип берүү үчүн айыл өкмөтү З.Г.Маматалиеванын арызын айылдык кеңештин кароосуна киргизген.

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Маматалиева Зиедахон Ганиевнанын 2021-жылдын 24-февралдагы арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3гл. 1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптарына таянып, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2020-жылдын 25-июлундагы №139/20 сандуу корутундусун, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында №01-8/5-05-14/50 сандуу корутундусу талаптарын жетекчиликке алып айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

Токтом кылат:

1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Маматалиева Зиедахон Ганиевнанын 2021-жылдын 24-февралдагы арызы, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптары, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2020-жылдын 25-июлундагы №139/20 сандуу корутундусун, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында №01-8/5-05-14/50 сандуу корутундусунун талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылында жайгашкан, Ч№ 539284 сандуу Мамлекеттик Акты берилген, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-4515 болгон, 2020-жылдын 23 –декабрындагы 2020/26374 сан менен катталган «кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу» келишиминин негизинде атуул Маматалиева Зиедахон Ганиевнанын сатып алган 0,10га. жер участкасынын пайдалану убагыты турак жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.

3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

4. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Ч.Инакова жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.

5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы

А.Тохтаев
