Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун талкулоо жана кеңештин сунуштарын №309 токтом боюнча түзүлгөн райондук комиссияга берүү жөнүндө» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2023-жылдын 22-мартындагы № 15/2
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун талкулоо жана кеңештин сунуштарын №309 токтом боюнча түзүлгөн райондук комиссияга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун негизинде айылдык кеңеш бекиткен КБФнын жерлеринин ижара акысын №309 токтом боюнча түзүлгөн райондук комиссияга сунуш кылынсын. (сунуш тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат экология, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым
А.К.Жумалиева
Begin_nocompare
Тиркеме
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123