# А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-декабрындагы № 36-6 "А.Мирмахмудов аыл аймагынын Киров айылынын Таштак бөлүмүндө жайгашкан Каримова Лолахондын менчиги болгон 0,18га. жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-декабрындагы № 36-6 "А.Мирмахмудов аыл аймагынын Киров айылынын Таштак бөлүмүндө жайгашкан Каримова Лолахондын менчиги болгон 0,18га. жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 36-6
- Дата принятия: 24.12.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.12.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017426>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34895/edition/20599/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.12.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-декабрындагы № 36-6 "А.Мирмахмудов аыл аймагынын Киров айылынын Таштак бөлүмүндө жайгашкан Каримова Лолахондын менчиги болгон 0,18га. жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө" токтому (ред. от 24.12.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017426

---

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

2020-жылдын 24-декабры № 36-6

А.Мирмахмудов аыл аймагынын Киров айылынын Таштак бөлүмүндө жайгашкан Каримова Лолахондын менчиги болгон 0,18га. жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүө жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын «Таштак» бөлүмүндө жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1000-1-3781 блгон, 2006-жылдын 8-майындагы №829 сан менен катталган, сериясы Ч 068094 болгон Мамлекеттик Актынын негизинде Каримбердиев Мамадаминдин менчиги болгон, эски тамеки сарайдын навеси жайгашкан 0,18га. аянтта жайгашкан жер аянтынын, күйөсүнүн көзү өтүп кеткенден кейин 2020-жылдын 17-декабрындагы менчик укугу жөнүндөү күбөлүктүн ээси болгон Каримбердиева Лолахон Акбаровнанын атынан 2020-жылдын 11-ноябрындагы №556-2079 сан менен реестрда катталган ишеним каттын негизинде атуул Моминов Халилулла Сабиржанович арыз менен кайрылып, арызда аталган жер участкасын жеке менчикте болгондугуна байланыштуу, келечекте ишеним кат ээси балдарына турак жай куруп жашоо үчүн аталган жердин багытын өзгөртүүгө мыйзам талаптарынын негизинде уруксат сурап айыл өкмөтүнө кайрылган,айыл өкмөтү бул маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн айылдык кеңештин кароосуна киргизген.

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин атуул Каримбердиева Лолахондын арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3 гл. 1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талап тарына таянып, Ноокат райондукшаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2020-жылдын 29-декабрындагы №257/20 сандуу корутундусун талаптарын жетекчиликке алып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 3гл. 1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына таянып, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын 2020-жылдын 29-декабрындагы №257/20 сандуу корутундусун талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. Киров айылынын «Таштак» бөлүмүндө жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1000-1-3781 болгон, 2006-жылдын 8-майындагы №829 сан менен катталган,сериясы Ч 068094 болгон Мамлекеттик Актынын негизинде Каримбердиева Лолахондын менчиги болгон, эски тамеки сарайдын навеси жайгашкан 0,18га. жер аянтынын пайдалануу багыты турак жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.

3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы

А.Тохтаев
