# Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/4 "Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/4 "Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19/4
- Дата принятия: 10.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017420>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34888/edition/20589/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/4 "Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому (ред. от 10.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017420

---

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 19/4

Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачуу тууралуу депутат Н.Усупбаеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде Ормон-Хан айыл аймагынын Э.Жунушалиева бала бакчасына 1 тайпа, Мээрим-Нур бала бакчасына 1 тайпа, АТА бала бакчасына 1 тайпа, Сакин-Апа бала бакчасына 2 тайпа, Алтын Балалык бала бакчасына 2 тайпа, Барчын Уя бала бакчасына 2 тайпа, Асел бала бакчасына 2 тайпа, Ийгилик-9 бала бакчасына 1 тайпа ачууга макулдук берилсин.

2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданият, спорт, жаштар иштери жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу
