# Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/3 "Тарифтерди бекитүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/3 "Тарифтерди бекитүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19/3
- Дата принятия: 10.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017417>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34886/edition/20586/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/3 "Тарифтерди бекитүү жөнүндө" Токтому (ред. от 10.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017417

---

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 19/3

Тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтому менен бекитилген талаптар туралуу Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтомунун негизинде аныкталган тиешелүү тарифтер бекитилсин.

2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу
