# Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 09-мартындагы № 14/1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 09-мартындагы № 14/1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14/1
- Дата принятия: 09.03.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.03.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017205>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34720/edition/20395/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.03.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 09-мартындагы № 14/1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтому (ред. от 09.03.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017205

---

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 14-сессиясынын

2023-жылдын 09-мартындагы № 14/1

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомуна жана “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсынын абоненттеринин, “Кемеге –Кайырма” СПАсынын мүчөлөрүнүн, ЖПБнин мүчөлөрүнүн чечимдерине ылайык Кара-Бүргөн айылындагы “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсы, “Кемеге –Кайырма” СПАсы жана ЖПБи жоюлсун.

2. “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсынын, “Кемеге –Кайырма” СПАсынын жана ЖПБнин балансындагы мүлктөр Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө өткөрүлүп алынсын.

3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыт пайджаланууну жөнгө салуу жана таштанды чыгаруу иштерин уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мекемелер ортосундагы аласа-бересе иштерин жөнгө салуу жагы милдеттендирилсин.

5. Калктын ичүүчү таза суу пайдалануу акысы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Жайыт пайдалануу акысы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Сугат суу пайдалануу акысы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

8. Таштанды чыгаруу акысы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

9. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өмөтүнө милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы

Б.Кемелов

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 1-тиркемеси

Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн ичүүчү таза суу төлөмүнүн акысы

№

Ичүүчү таза суу акысы

Үйүнөн же короодон пайдалануучу

Суу түтүгүнөн (колонкадан) пайдалануучу

Жалпы план

1

80 пайдалануучу\*150сомдон=12000 76 пайдалануучу\*90сомдон=6840 Жалпы 18840\*11 айга=207200сом

150сом

90сом

207200 сом

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

К.Русланов

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 2-тиркемеси

Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн сугат суу төлөмүнүн акысы

№

Сугат суу акысы

1га жер аянты үчүн

Жалпы план

1

440га жер аянты

600сом

264600 сом

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

К.Русланов

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 3-тиркемеси

Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн жайыт төлөмүнүн акысы

№

Жайыт пайдалануу акысы

Жандык малга

Бодо малга

Жалпы план

1

ИММ 1628 баш Кой 5975 баш Эчки 1084 баш Жылкы 1462 баш

20 сом

100 сом

450180 сом

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

К.Русланов

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 4-тиркемеси

Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн таштанды чогултуу төлөмүнүн акысы

№

Таштанды чогултуу акысы

Тиричилик таштанды

Катуу таштанды

Жалпы план

1

200 пайдалануучу\*50сомдон Жалпы 10000 сом айына\* 9 айга=90000сом

50 сомдон

1тоннага -300 сомдон

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

К.Русланов
