# Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №13 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май № 229-т тескемесин аткаруу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №13 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май № 229-т тескемесин аткаруу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 16.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017150>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34674/edition/20344/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №13 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май № 229-т тескемесин аткаруу жөнүндө” токтому (ред. от 16.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017150

---

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын

2024-жылынын 16-сентябры №13

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май № 229-т тескемесин аткаруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 29-сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 10-май 229-тескемеси аткарууга алынсын.

2. Момбеков айыл аймагынын мектептеринде мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасы жана бала бакчаларында кошумча тайпа ачылсын.

3. Токтомдун аткарылышы мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин аткаруучу Турарбек кызы Уулканга жүктөлсүн.

Төрага:

И.Абдыразак уулу
