# Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №11 “Момбеков айыл аймагындагы “Кыла” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Момбеков айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №11 “Момбеков айыл аймагындагы “Кыла” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Момбеков айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 16.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017148>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34672/edition/20342/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Момбеков айылдык кеңешинин 2024-жылынын 16-сентябрындагы №11 “Момбеков айыл аймагындагы “Кыла” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Момбеков айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө” токтому (ред. от 16.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017148

---

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясынын

2024-жылынын 16-сентябры №11

“Момбеков айыл аймагындагы “Кыла” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Момбеков айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февраль № 52 токтому жана 2024-жылдын 29-апрель № 207 токтомунун негизинде “Кыла” суу пайдалануучу ассосациясын Момбеков айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары З Тиллабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 29-сессиясыны токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февраль № 52, 2024-жылдын 29-апрель № 207 токтомдору аткарууга алысын.

2. Момбеков айыл аймагындагы “Кыла” суу пайдалануучу ассосациясынын карамагындагы 89,56 км ички арыктары анын ичинен 4,24 км бетон, латок 11,88 км, 73,44 км жер арыктары Момбеков айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынсын.

3. Өткөрүлүп алынган 89,56 км ички арыктар анын ичинен 4,24 км бетон, латок 11,88 км, 73,44 км жер арыктары Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүлүп берилсин

4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары З Тиллабаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага:

И.Абдыразак уулу
