# Бүргөндү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралы № 9 "Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун 2022-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарган иштери жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралы № 9 "Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун 2022-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарган иштери жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 16.02.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.02.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016808>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34478/edition/19966/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.02.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралы № 9 "Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун 2022-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарган иштери жөнүндө" токтому (ред. от 16.02.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016808

---

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII– чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 9 Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун 2022-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарган иштери жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун 2022-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.З.Арстанбековдун 2022-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

2.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарылган иштери боюнча төмөнкүлөр 2023-жылга бүткөрүлүүсү жана кемчилдиктерди калыбына келтирүүсү белгиленсин.

- калкты турак жай менен камсыз кылууда кезектүүлүктүн ачыктыгын камсыздоо менен айыл өкмөтүнүн атайын маалымат тактайчасына тизмени илүү ошондой эле турак жай жер участокторунун жер аянттарын трансформациялоо (которуу) иштерин колго алуу

- калктуу конуштар ичинен берилип жаткан турак жай жер участоктордун мыйзамдуулугун колго алуу, аймагыбыздагы каналдардын жээгиндеги аймактарын турак жай берүүдө сакталышын көзөмөлгө алуу

- аймактагы иш жүргүзүп жаткан кирпич заводу жана ири күнөсканалардын ишмердүүлүгүн колго алуу жана келишимде көрсөтүлгөн талаптардын аткарылуусун кароо

- айыл аймагыбыздагы калктуу конуштардын ичинен атайын балдар ойноочу жай үчүн ажыратылган жер аянттарынын иш кагаздырын толук бүткөрүү жана балдар ойноочу аянтчага курулуучу курулмалар боюнча долбоор даярдоо

- жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу ошондой эле алдына ала чараларды көрүү

- айыл аймактагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин өз учурунда ижаралоо жана ижаралоодогу түзүлгөн келишимдерди тактоо, өндүрүмдүүлүктү колго алуу

- ички тышкы инвестицияларды тартуу менен 2022-жылдын ичинде курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана курулуш иштерин толугу менен бүткөрүү

- аймагыбыздагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чектөөдө жөлөк пул алуучуларга көмөк көрсөтүү

- айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүдө жылуу мамиледе болууну колго алуу жана ага карата тиешелүү чараларды көрүү

- өз функционалдык милдеттерин так аткарбаган айыл өкмөтүнүн адистерине тиешелүү чараларды көрүү

- “Келечек” каналынын кредиттик төлөмдөрүн төлөө үчүн алдына ала тиешелүү чараларды көрүү менен курулган каналдан агын суу менен камсыз болуп, өз алдынча жерлерди пайдаланып жаткан жергиликтүү калкты тыюуу менен тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жердин категориясын аныктоо менен жер аянттарын ижара эсебинде арыз менен кайрылган жергиликтүү атуулдарга ажыратып берүүнү тез аранын ичинде колго алуу

- айыл аймагыбызда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Токтомун ишке ашырууну колго алуу жергиликтүү калкка маалыматты кеңири жеткирүүнү камсыз кылуу

3. Жогорудагы сын-пикирлерди, эскертүүлөрдү эске алуу менен айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековдун 2022-жыл ичинде социалдык – экономикалык өнүгүүсүндөгү аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы

А. Кубатбеков
