Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин «Усенов Эдил Данилович жөнүндө» токтому
САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ ТОКТОМ ХХУ111 чакырылышынын № 37 кезексиз сессиясы
2023-жылдын 5-апрелиндеги № 128
Саруу айылынын тургуну Усенов Эдил Даниловичке 1988-жылы туулган Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 1995-жылдын 27-декабрь айындагы № 227 токтомунун негизинде 0,34 га жер үлүшү бөлүнүп берилип бүгүнкү күнгө чейин иштетип келүүдө. Саруу айыл кенешинин 2007-жылдын 14-мартындагы № 35 токтому менен жер үлүшүн албай калган калган жарандардын тизмесине Усенов Эдил Данилович - Данил уулу Эдил болуп жанылыш кайталанып экинчи жолу кирип калган. Бул тизмеге Усенов Эрмек Данилович 1994-жылы туулган иниси кириш керек эле. Айыл кенешинин 2007-жылдын 14-мартындагы № 35 токтому менен бекиген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 5-февралындагы № 940-IV токтому кабыл алынып, жер үлүшүн бөлүп берүүгө уруксаат берилген. Жогорудагы тизмеге ондоо киргизүү боюнча сунуштарды эске алып Алдашев айыл кенешинин сессиясы т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдыни 5-февралындагы № 940-IV токтому менен кабыл алынган тизмедеги Данил уулу Эдилдин ордуна Усенов Эрмек Данилович 1994-жылы туулган жаранды каттап ондоо киргизүү сунушталсын.
2. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл кенешинин жооптуу катчысы Ж.Жумагуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айыл кеңешинин төрагасы
А.Оморова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.