Таш-Көмүр шаардык кеңешинин «Шаардык мэриянын 17.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасында жана Куруучулар кичи районунда жайгашкан жер аянттарын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКуна өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1436 кайрылуу каты жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын 2024-жылдын 28-майы №3
«Шаардык мэриянын 17.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасында жана Куруучулар кичи районунда жайгашкан жер аянттарын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКуна өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1436 кайрылуу каты жөнүндө». Шаардык мэриянын 17.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасында жана Куруучулар кичи районунда жайгашкан жер аянттарын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКуна өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1436 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсүн жана депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шаардык мэриянын 17.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасында жана Куруучулар кичи районунда жайгашкан жер аянттарын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКуна өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1436 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т Тескемесинин негизинде, Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасынын н/ж дарегиндеги турак жай курулушуна багытталган 12030,0 м2 жер аянты жана Куруучулар кичи районунун н/ж дарегиндеги толук бүтпөй калган турак жай курулушунун 5400,0 м2 жер аянттарын “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКуна мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
С.Кудайбердиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.