# Ак-Чий айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы №34-т Тескемесине ылайык, «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына көмүр казып иштетүү үчүн жер аянтын берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Чий айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы №34-т Тескемесине ылайык, «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына көмүр казып иштетүү үчүн жер аянтын берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 13.03.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.03.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015875>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33795/edition/18601/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.03.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Чий айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы №34-т Тескемесине ылайык, «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына көмүр казып иштетүү үчүн жер аянтын берүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.03.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015875

---

АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Чий айылдык кеңешинин ХVII сессиясы

2023-жылдын 13-мартындагы № 8

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы №34-т Тескемесине ылайык, «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына көмүр казып иштетүү үчүн жер аянтын берүү жөнүндө

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 34-т тескесине жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2023-жылдын 8-февралындагы «Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 7271 СЕ №1-лицензиясы» жана Геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 7272 СР лицензиясына ылайык «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына көмүр казып иштетүү максатында 8 га жер аянты жана геологиялык чалгындоо максатында 9.8 га жер аянты «Турук» көмүр кенинен берилсин.

2. «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш жүргүзүү жагы «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасына тапшырылсын.

3. «Ак-Талаа көмүр» ишканасы менен келишим түзүү Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Чиркеевке жана «Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Ж.Асылбековко милдеттендирилсин.

4. Аталган токтом айыл өкмөтүнөн каттого өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Ак-Чий айыл аймагынын өкмөт башчысы Б.Чиркеевке тапшырылсын.

Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Жунусов
