Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кенешинин 2024– жылдын 22-февралы № 3 «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө» токтому
БИРИККЕН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ, КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024– жылдын 22-февралы № 3
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ” убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү» мекемеси жана «Кара-Таш» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Кызыл-Октябрьского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Кызыл-Октябрьского айылного аймака".
2. «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу алымча кошумча менен бекитилсин.
4.«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Эски-Покровка айылы, К. Сайпидинов көчөсү- 42 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага
М.А.Камалов
1-тиркеме: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл 22-февраль № 3 токтому менен бекитилген.
Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Айыл өкмөтүнүн ушул убактылуу жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.
2. Айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Айыл өкмөтүнүн расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кызыл – Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү”.
- расмий тилде: «Айыл окмоту Кызыл – Октябрьского айылного аймака».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Эски Покровка айылы, К.Сайпидинов көчөсү, № 42.
4. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Айыл өкмөтүнүн мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
6. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
7. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
8. Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
9. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
10. Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
11. Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.
3. Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү
12. Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
14. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы , жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
15. Айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.
16. Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
4. Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
17. Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
18. Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
19. Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.
Кызыл – Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Амирбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года УП № 24 "Об утверждении Временного положения о деятельности местных кенешей в рамках проводимой…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 марта 2023 года № 178 "Об утверждении Положения о порядке государственной регистрации юридических лиц, филиалов…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Утратил силу
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу