# Пригорол айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы № 94 “Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу боюнча” токтому

- Полное наименование: Пригорол айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы № 94 “Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу боюнча” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 94
- Дата принятия: 26.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015437>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78182/edition/18146/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Пригорол айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы № 94 “Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу боюнча” токтому (ред. от 26.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015437

---

ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 30-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 26-январындагы № 94

“Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу боюнча” Пригород айыл өкмөтүнүн жер адиси Шерипаева К. афган согушунун ардагерлери жашап жаткан муниципалдык менчикте турган 16 квартираны менчиктештирүү жолу менен өткөзүп берүү боюнча маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2023-жылдын 12-октябрында № 187 ылайык “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 11-беренесинин 2-бөлүгүндө “Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз ажыратпаган учурларды кошпогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуунун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет”, Пригород айыл кеңеши акыркы эки чакырымдын талкууларынан кийинин

ТОКТОМ кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2023-жылдын 12-октябрында № 187 11-беренесине ылайык Суворова, 1 көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу квартиралар менчиктештирип берүү жолу менен ажыратылышына макулдук берилсин.

2. Пригород айыл өкмөтү Шеримбеков Б.К. Суворова,1 көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу үйдүн 16 квартираны афган согушунун ардагерлерине мыйзамдаштыруу иш-кагаздары даярдалсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.

Пригород айыл кеңешинин төрагасы

Т.Омурзаков
