Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Шумкар-Уя айылдык кеңешинин «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
ШУМКАР-УЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 5-сентябры № 39
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” Мамлекеттик мекемесинин кайрылуусун жана Талас райондук жер комиссиясынын жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу боюнча 2024-жылдын 27-августундагы корутундусун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып, Бекмолдо айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы №4 токтомуна толуктоо киргизүү максатында Шумкар-Уя айылдык Кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максатында кубаттуулугу 28 МВт чейин өндүрүлүүчү “Жерүй” суу электро станциясын жана инфратүзүм обьектилерин куруу үчүн Шумкар-Уя айылдык аймагынын административдик чегинде жайгашкан “Чоң-Чычкан” участогунун №329 чөйрө сызыгынан 1,65 га (суу топтоочу жай үчүн), №2046 чөйрө сызыгынан 2,6 га (суу электро станциясы үчүн), №2046-0,4 га, №2036-0,1 га, №2038-0,5 га, №2039-0,8 га, №2052-0,4 га, №2053-0,2 га, №2054-0,1 га, №1691-1,7 га чөйрө сызыктарынан 4,2 га (суу түтүктөрүн орнотуу үчүн) жалпы аянты 8,45 га анын ичинен; 5,95 га жайыт жерлерди, 0,8 га суу алдындагы жерлерди жана 1,7 га мал айдап өтүүчү жол алдындагы жерлерди «Запастагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун 14-пунктуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Айыл өкмөт башчысы Б. Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага
А. Борукеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года УП № 62 "О вопросах передачи земель, предназначенных для использования возобновляемых источников энергии"Указ · 23.03.2023 · № 62
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу