Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин “Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн Сакалды айылындагы муниципалдык каттоодон өткөн 3,5 га курулуш үчүн жер участогун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө” токтому
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 03-июну №1
“Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн Сакалды айылындагы муниципалдык каттоодон өткөн 3,5 га курулуш үчүн жер участогун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ №10 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесине жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-бренесине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1.Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн Сакалды айылындагы 3-04-08-00-07-09-22 жеке коду менен каттоодон өткөн муниципалдык менчиктеги 3,5 га курулуш үчүн жер участогун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ачык акционердик коомуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Жогоруда аталган жер участокко көп кабаттуу турак жай курулуштарын куруу үчүн талаптарга ылайык жооп берүү жагы каралсын.
3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабынетинин 2021-жылдын 13-июлундагы №75 “ Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагындагы курулуп жаткан батирлер азыркы убакытка чейин там салуу үчүн жер тилкесин сурап, кайрылган кезекте турган жарандарга кезеги менен берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комитетине жана мыйзамдуулук жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин төрагасы
А.Нишанбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.