Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформацилоо) жөнүндө» токтому
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 42
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформацилоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” Мамлекеттик мекемесинин кайрылуусун жана Талас райондук жер комиссиясынын жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу боюнча 2024-жылдын 27-августундагы корутундусун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлунданы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып, Чоң-Алыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максатында кубаттуулугу 28 МВт чейин өндүрүлүүчү “Жер үй” суу электро станциясын жана инфратүзүм обьектилерин куруу үчүн Чоң-Алыш айылдык аймагынын административдик чегинде жайгашкан “Түз-Ашуу” участогунун №10 чөйрө сызыгынан 3,7га (суу топтоочу жай үчүн), № 4-8,4га, №7-11,1 га, № 17-1,2га, № 22-5,7 га, № 47-5,4 га чөйрө сызыктарынан 31,8 га (суу түтүктөрүн орнотуу үчүн) жалпы аянты 35,5 га анын ичинен; 35, 5 га жайыт жерлерди “Запастагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-манртындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун 14-пунктуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Түз-Ашуу жолуна төргө чейин оңдоп түзөө иштери жүргүзүлсүн.
4. Курулуш иштери башталганда жумуш ордуларына Чоң-Алыш айыл аймагынын айыл тургундарынан жумушчулар алуу жана соц.пакет жагы каралсын.
5. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Көчөрбаевке милдеттендирилсин.
Төрага
Р.Биримкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года УП № 62 "О вопросах передачи земель, предназначенных для использования возобновляемых источников энергии"Указ · 23.03.2023 · № 62
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу