# Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 31 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө"

- Полное наименование: Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 31 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө"
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 30.07.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.07.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015243>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78174/edition/17953/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.07.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 31 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" (ред. от 30.07.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015243

---

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы

2024-жылдын 30-июлу № 31

Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

“Жашыл энергетика фондунун” жазган кайрылуусуна ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максатында чакан ГЭС куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 6-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максатында кубаттуулугу 28 МВт чейин өндүрүлүүчү суу электростанциясын куруу үчүн Чоң-Алыш айылдык аймагынын Кара-Суу айылынын административдик чегинде жайгашкан Түз-Ашуу участогунун №10 чөйрө сызыгындагы 3,7 га башкы суу топтоочу жай, 31,8 га жерлерден суу түтүгүн алып өтүү үчүн жалпы аянты 35,5га “Запастагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жагы каралды.

2.“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.

3.Түз-Ашуу жолдору төргө чейин оңдоп түзөө иштери жүргүзүлсүн.

4.Курулуш иштери башталганда жумуш ордуларына Чоң-Алыш айыл аймагынын айыл тургундарынан жумушчулар алуу жана соц.пакет жагы каралсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевке жүктөлсүн.

Төрага

Р.Биримкулов
