# Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/12 "Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/12 "Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19/12
- Дата принятия: 05.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015111>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33208/edition/17792/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/12 "Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015111

---

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

2023–жылдын 5-октябры № 19/12 Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын талкуулап, Катта-Талдык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта –Талдык айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга айыл өкмөттөгү бардык айылдарда 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын 388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага : К. Абдраев
