# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 24/9 "Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 24/9 "Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24/9
- Дата принятия: 28.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014745>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32983/edition/17340/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 24/9 "Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө" Токтому (ред. от 28.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014745

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

2024-жылдын 28-августу №24/9

Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын Кайыңды, Таш-Башат айылдарындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга кеткен жерлерди жергиликтүү тургундар пайдаланып жаткандыгына байланыштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча каражат түшүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына төрт тармак боюнча тиешелүү акча каражатын чогултууга маакулдук берилсин.

2. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасы айыл аймактардан тиешелүү акча каражаттарын чогултуу боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

К. Субанбеков
