Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин «Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө» токтому
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 45
Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө
(Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө зарылдыгы жөнүндөгү өтүнүчүн айылдык кенеш карап, талкуулап; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагындагы (Арал, Кайыңды, Чеч-Дөбө, Бала-Саруу, Жайылган, Кара-Арча, Сөгөт) айылдарындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана Семетей айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн ар бир түтүнгө 1 айга – 150сом
Таштандыларды (ТБО) ташып чыгаруу үчүн 1 айга 1 түтүнгө- 100 сом Той-кана, соода борборлорго 1айга-2000сом Чакан дүкөн, павильон, контейнерлерге 1жумага -200 сом Токтомго баш ийбей, таза сууну туура эмес колдонгондорго (бак суугарып ж.б) жана таштандыларды ыргыткандарга штраф 5000сом
(Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жана “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековго жүктөлсүн.
Төрага
Т.У.Джапаркулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
Ссылается на (3)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу
Показаны 2 из 3. Полный список - в панели ссылок.