# Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 28 "Муниципалдык ишкана жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 28 "Муниципалдык ишкана жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28
- Дата принятия: 30.07.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.07.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014706>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32949/edition/17306/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.07.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 28 "Муниципалдык ишкана жөнүндө" токтому (ред. от 30.07.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014706

---

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

2024-жылдын 30-июлу № 28

Муниципалдык ишкана жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби” жөнүндө токтомун аткарууга алып, бүгүнкү күндө ”Семетей” муниципалдык ишканасы түзүлүп, Юстиция Министрлигинен каттоодон өттү. Муниципалдык ишкананын типтүү уставы жана ЖОБОсуна ылайык, ЖПБ, таза суу, тазалык, жашылдандыруу, жайыт, СПАнын ж.б. калкка кызмат көрсөтүү тартибин жөнгө салуу максатында иш алып барууга 2 950 000 сом берүү жөнүндөгү Семетей муниципалдык ишкананын жетекчиси К.Узенбековдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей муниципалдык ишкананын жетекчиси К.Узенбековдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Семетей муниципалдык ишкананын расчеттук эсебине субсидияга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 950 000 сом акча каражаты которулуп берилсин.

3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражатын которуу жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

Төрага

Т.У.Джапаркулов
