# Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 1 "Бюджетке өзгөртүү" токтому

- Полное наименование: Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 1 "Бюджетке өзгөртүү" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 27.10.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.10.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014465>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32725/edition/17051/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.10.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 1 "Бюджетке өзгөртүү" токтому (ред. от 27.10.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014465

---

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы 2022-жылдын 27-октябры № 1 Аманбаев айылдык аймактык кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн эмгек акыны жогорулатуу «Эс алуу, маданият жана диний» бөлүмү боюнча КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №185 катар сандуу токтомунун негизинде, ошондой эле муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 катар сандуу КР Президентинин Указынын негизинде “Подоходный налог, салык агенти төлөөчү киреше салыгынан” -1500,0 миң сом акча каражаты о.э. атайын каражаттар бюджетинин “Кызмат көрсөтүүнүн башка квалификацияланбаган түрлөрү үчүн акы төлөөдөн” – 100,0 миң сом ашыкча келип түшкөн. Ошол себептүү жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып такталган планга кошумча план киргизүү боюнча Аманбаев айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аманбаев айылдык аймактык кеңеши, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү негизги бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 1500,0 миң сом өлчөмүндө, атайын каражаттар бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 100,0 миң сом өлчөмүндө кабыл алынсын.

2. Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин:

Катар №

Статьялары

Киреше булактарынын аталышы

Жалпысы

(миң сом)

1

11111100

Подоходный налог, салык агенти төлөөчү киреше салыгы

1500,0

2

14238900

Кызмат көрсөтүүнүн башка квалификацияланбаган түрлөрү үчүн акы

100,0

Жалпысынан

1600,0

3. 2022-жылга Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү негизги бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 1500,0 сом төмөнкү бөлүм боюнча бекитилсин:

- Айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” элементи боюнча-140,0 миң сом. ( ар кандай чыгымга-140,0 )

- Айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 31122 “Механизмдер менен өндүрүштүк камсыз кылуулар” элементи боюнча-50,0 миң сом. (Движок)

- Айыл өкмөтүнүн ТЖКЧ бөлүмүнүн 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” элементи боюнча-170,0 миң сом. ( ар кандай чыгымга-140,0 таштанды полигонун тазалоо-30,0)

- Айыл өкмөтүнүн ТЖКЧ бөлүмүнүн 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу” элементи боюнча-270,0 миң сом. (Э.Эсенаманов мектебинин э/чубалгысын алмаштыруу-185,0, О.Тургумбаев мект. э/плафондорун -60,0 ж-а көчө жарык-на э/счетчик сатып алуу-25,0)

- Айыл өкмөтүнүн ТЖКЧ бөлүмүнүн 3113 “Өсүмдүктөрдү сатып алуу” элементи боюнча-50,0 миң сом. (Можевельник сатып алуу-50,0)

- Айыл өкмөтүнүн балдар бакча бөлүмүнүн 2221“Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” элементи боюнча-180,0 миң сом. (көмүркана)

- Айыл өкмөтүнүн балдар бакча бөлүмүнүн 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” элементи боюнча-70,0 миң сом. (септик тазалоо)

- Айыл өкмөтүнүн орто мектептер бөлүмүнүн 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” элементи боюнча-30,0 миң сом. (септик тазалоо)

- Айыл өкмөтүнүн орто мектептер бөлүмүнүн 2221“Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” элементи боюнча-540,0 миң сом. (көмүркана)

4.2022-жылга Аманбаев айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысынан 100,0 сом төмөнкү бөлүм боюнча бекитилсин:

- Айыл өкмөтүнүн ТЖКЧ бөлүмүнүн 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” элементи боюнча-100,0 миң сом. ( ар кандай чыгымга-100,0 )

5. Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү негизги бюджетинин киреше жана чыгаша статьяларына кошумча киреше жана чыгашаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн.

6. Аманбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү негизги бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттардын токтомдо белгиленген чыгым статьялары боюнча аткарылышы, айыл өкмөтүнүн Каржы экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.

Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:

Нуралиев У.М.
