# Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майындагы "Жер аянтын пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №14/112 токтому

- Полное наименование: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майындагы "Жер аянтын пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №14/112 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14/112
- Дата принятия: 13.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014251>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32555/edition/16845/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майындагы "Жер аянтын пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №14/112 токтому (ред. от 13.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014251

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы

2024-жылдын 13-майы №14/112

Жер аянтын пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 32-беренесинин 4-пунктуна, 25-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» №37 Мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктуна, 19-беренесине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык, калкка турак жай куруу үчүн жер аянтын чечип берүү максатында Миӊ-Булак айылдык кеӊеши токтом кылат:

1. Миӊ-Булак айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2024-жылдын майындагы № 1 отурумунун токтому бекитилсин.

2. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылынан 0,5 га (А.Тыныбеков №39 көчөсү) Эмгекчил айылынан 0,5 га жер аянты (А.Токтоев №1 көчөсү) жер аянты турак жай куруу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» ААК мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

3. Турак жай куруу үчүн берилген жер аянты, ААК «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» 2028-жылга чейин иш жүргүзбөсө, мөөнөтү узартылсын же айыл өкмөтүнө кайтарылсын.

4. Бөлүнгөн жер аянтына тиешелүү чечим чыгарып берүү жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө сунушталсын.

5. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

Төрага

А.Ж. Жамангулов
