Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 27 июнундагы № 17 «Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун, алардын аталыштарын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө « Токтому
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги IV сессиясы
2024-жылдын 27-июнунун № 17
Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун, алардын аталыштарын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө _____________________________________________
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 27-июнь, 2024-жылдагы №3 корутундусуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун, алардын аталыштарын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө Жобо менен таанышып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесинин негизинде Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун, алардын аталыштарын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө Жобо өзгөртүү, толуктоолор менен бекитилсин. Тиркеме 3 баракта
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов _______________________________________________________________________
Күн-Чыгыш жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын 27.06.2024-жылдагы кезектеги IV сессиясынын № 17 токтомуна 1-Тиркеме
Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун, алардын аталыштарын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19 августундагы №467 токтому менен бекитилген Жобого, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №387 токтомунун редакциясына ылайык)
I.Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул Жобо Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун жана алардын аталыштарын кайра өзгөртүү тартибин аныктайт.
1.2 Ысым ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары - жергиликтүү Кенеш, айыл өкмөт, муниципалдык мекеме ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук уюмдар, райондук мекеме ишканалардын, жеке менчик ишканалардын эмгек жамааттары, көчөнүн жашоочулары, жеке жарандар ээ болот.
1.3 Ысым ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөт кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушун менен жергиликтүү Кеңешке жөнөтөт.
1.4 Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ат берүү жергиликтүү Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгондон кийин колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
II. Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 СССРдин учурундагы жана азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын баатырлары, орден, медалдардын ээлерине;
2.2 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын ээлерине;
2.3 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмерлерине, көрүнүктүү илимий даражага ээ болгон окумуштууларга;
2.4 СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
2.5 Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилерине, интернационалдык милдетин аткарып жогорку сыйлыкка ээ болгондорго;
2.6 Күн-Чыгыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою зор салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон жана айыл аймактын ар кандай тармактарына кошкон зор эмгектери үчүн Ардактуу наамдарга ээ болгон инсандарга (айыл чарба, ирригация, мал чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, мамлекеттик, муниципалдык кызмат тармактары боюнча);
2.7 Айыл аймакка инвестицияларды тартып, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына;
2.8 Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн «Ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылгандарга;
2.9 Ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн көзү өткөн жарандардын гана документтерин сунушталууга тийиш
III. Ысым ыйгаруунун тартиби
3.1 Калктуу конуштардагы мурда адамдардын ысымы берилген көчөлөрдүн аты ар кандай жүйөөсүз себептер менен өзгөртүүгө болбойт;
3.2.Кыргыз Республикаснынын Эгемендүүлүктү алгандан кийинки (1991-жылдан берки) көчөлөрдүн, парктардын аттарын ар кандай шылтоолор менен өзгөртүүгө болбойт .
3.3 Калктуу конуштардагы бир көчөгө бир гана ысым ыйгарылат.
3.4 Жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, эгерде жаңы көчөгө жеке жарандын ысымы ыйгарылса, ар кандай чыгымдар өтүнүч берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт, ал эми мурда аты бар көчөнүн атын которгондо, буга кеткен чыгымдар толугу менен сунуш кылган мекеменин эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын, жеке адамдардын жана үй-бүлөнүн өзүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
3.5 Көчөнүн атын которууга кеткен чыгымдарга төмөндөгүлөр кирет:
• көчөгө атайын формадагы темир тактага көчөнүн атын жасатып илдирүү жана ушул көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн баш жана аяк жагына орнотуу;
• көчөнүн жолун, арыктарын ирээтке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жарык менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
• көчөдө жашаган жашоочулардын кеткен чыгымдарына өз каалоосу менен көмөктөшүү (үй китепчелерин, паспортторун кайрадан учетко тургузуу, паспорт, виза жана каттоо иштери, көчөнүн атын оңдоо боюнча райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мекемесине төлөнүүчү чыгымдар ж.б)
3.6 Көчөгө, паркка ысым ыйгаруу боюнча кабыл алынган токтомго кол коюлгандан кийин Жобонун 3.4 пункутунда көрсөтүлгөн талаптар 3 айлык мөөнөттүн ичинде бүткөрүлүшү керек.
3.7 Жобонун III бөлүмүнүн талаптары алдын ала түшүндүрүлөт жана ушул талаптарды аткаруудан баш тарткан учурда көчөгө, паркка ысым ыйгарылбайт.
3.8 Көчөлөргө, парктарга(сквер) ысым берүү жана көчөлөрдүн мурунку атын өзгөртүү маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
• көчөлөргө, парктарга жана көчөлөрдүн мурдагы атын өзгөртүү маселеси боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• мекеме ишканалардын эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын сунушу;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
•мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);
•
IV Мекемеге, ишканага, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруу талабы
4.1 Мекемеге, ишканага, билим берүү мекемелерине ысым ыйгарууга байланыштуу чыгымдар сунуш киргизген эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын, жеке адамдын эсебинен жүргүзүлөт. Ал чыгымдарга төмөнкүлөр кирет.
• мекеменин, ишкананын, билим берүү мекемелеринин атын өзгөртүүгө кеткен чыгымдар;
• материалдык, техникалык базасын чыңдоого кеткен чыгымдар;
• мекеменин, ишкананын жаңы печатын, штампын жасатуу ж.б чыгымдар
4.2 Мекемеге, ишканага, биилм берүү мекемелерине ысым ыйгаруу маселеси ошол мекеменин эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланып, жалпы колдоого ээ болгондон кийин токтом кабыл алынат.
4.3 Токтомго мекеме жетекчисинин, профсоюз уюмунун төрагасынын колу коюлуп, мекеменин мөөрү басылып, жалпы колдоого ээ болгондон кийин токтом кабыл алынат.
4.4 Мекемеге, ишканага, билим берүү мекемелерине ат берүүгө төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• ысымы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү;
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.