# Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-августундагы № 99 "Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-августундагы № 99 "Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 99
- Дата принятия: 28.08.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.08.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014175>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32496/edition/16778/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.08.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-августундагы № 99 "Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын кароо жөнүндө" токтому (ред. от 28.08.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014175

---

КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 28-августу № 99

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтерге баа берилсин жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевке тапшырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №161-Б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик

классификациясынын колдонуу шарттары толугу менен аткаруу жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.

3. Эмгек келишими менен убактылуу иштегендерге эмгек акы төлөөдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы №385 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Нускаманын” талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.

4. Кыштут айыл аймагынын бухгалтериялык отчет учет иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 25.12.2018-жылдагы №137-б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана каржылык отчетторду жүргүзүү боюнча” Жобонун негизинде жүргүзүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

А.Сейитмуратов
